Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Иракта "Ислам мамлекети" тобу артка чегинүүдө


Журф-ал-Сахар шаарын бошоткон шиит күчтөрү.
Журф-ал-Сахар шаарын бошоткон шиит күчтөрү.

Иракта мина коюлган эки автоунаанын жардыруусунан бери дегенде отуз төрт киши мерт болду. Жанкечтилердин чабуулдары Багдаддын четиндеги шииттер басымдуулук кылган Журф-ал-Сахар аймагындагы полиция бекетине багытталган.

Бул окуялар ирактын өкмөттүк күчтөрү менен шиит полициясы бир катар аймактарды «Ислам мамлекети» радикал тобунун согушкерлеринен бошоткондон кийин болду.

Ирактын бийлик өкүлдөрү “Ислам мамлекетинин” жанкечтилери аймактагы полициянын текшерүү бекетинде турган жүк тарткан унааны жардырып, андан 24 адам набыт болгонун билдирет.

Ал арада полиция Багдаддын борборундагы шииттер басымдуулук кылган Каррада районундагы автоунаанын жарылуусунан он адам жан бергенин кабарлады.

Июль айынын соңунда “Ислам мамлекети” тобунун колуна өтүп кеткен Журф - ал - Сахар шаарын кайра кайтарып алуу ирак коопсуздук күчтөрү үчүн чечүүчү мааниге ээ. Бул аларга баш калаа Багдадга жакындап калган радикалдык топтун согушкерлерин артка чегинтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле Журф-ал-Сахардын өкмөттүк күчтөрдүн колуна өтүүсү экстремисттердин батыштагы Анбар чөлкөмүндөгү таяныч күчтөрү менен болгон байланышын үзүп, алардын түштүктөгү шиит аймактарын көздөй бет алуусун токтотконго жардам берет.

Ирактын расмийлери согушкерлер өлкөнүн батышынан түштүгүнө Журф-ал-Сахарда жайгашкан жашыруун тоннелдер аркылуу аскерлерди, курал-жабдык жана ар кандай керектүү буюмдарды өткөрүп турушканын билдиришти.

Журф-ал-Сахар шаары шиит мусулмандары Кербел шаарына зыяратка барчу жолдо жайгашкан. Кийинки жумада бул жол аркылуу зыяратчылар шииттердин арасында эң кадырлуу такыба деп саналган Мухаммед пайгамбардын небереси Хусейн имамды эскерүү үчүн өтөт.

Ал арада Улуттар уюмунун баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча жардамчысы Хешас Юсеф Женевада өткөн маалымат жыйында Ирактагы «Ислам мамлекети» тобу басып алган аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү кыйын болуп жатканын билдирди:

- Абал ар кайсы жерде ар кандай, бири-биринен айырмаланып турат. Маселен, айрым аймактарда «Ислам мамлекети» же башка экстремисттик топтор жардам жеткирүүгө тоскоолдук жаратып, башка аймактарда алар гуманитардык жардамдын теңин басып алууга аракет жасашууда. Ал эми кээ бир аймактарды жардам тиешелүү адамдарга эмес, ага муктаж эместердин колуна түшүп калууда.

Ирактын коопсуздук күчтөрү жекшемби күнү мунайга бай Киркук шаарына жакын жайгашкан төрт айылды "Ислам мамлекетинин” согушкерлеринен бошотушту.

Ошол эле күнү күрт күчтөрү АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн аба соккуларынын жардамы менен бир нече аптага созулган салгылашуудан соң өлкөнүн түндүгүндөгү Мосул шаарынан алыс эмес жайгашкан Зумар шаарын согушкерлерден кайра алышты.

Америкалык аскерлер коалициялык күчтөр 26-27-октябрь күндөрү Иракта жети жолу абадан сокку урганын маалымдашты.

“Ислам мамлекети” радикалдык тобу Ирактын түндүгүнө июнь айында кол салып, өлкөнүн бир топ аймагын басып алууга жетишти. Экстремисттик уюм коңшу Сириянын да басымдуу аймактарын өз карамагында кармап турат.

Араб жана чет өлкөлүк согушкерлерден турган топ ислам халифатын түзүүнү көздөшүүдө.

Ал арада Сирияда "ал-Каида" менен байланышы бар «Нусра» тобунун мүчөлөрү башка сириялык козголоңчулар менен бирге өлкөнүн батышындагы Идлиб шаарындагы аскерий өтмөк бекеттерине, полиция штабына жана губернатордун кеңсесине бир маалда кол салышты. Бул кагылышуулардан отуз беш аскер жана козголоңчу набыт болду.

Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү Идлиб шаарындагы салгылашуу эки жыл мурда сириялык козголоңчулар шаар айланасындагы ондогон айылдарды өзүнө каратып алгандан кийинки эң кандуу кагылышуу болду.

XS
SM
MD
LG