Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

АКШ: Обаманын партиясы шайлоодо уттурушу мүмкүн


АКШдагы Gallup институтунун соңку сурамжылоосуна караганда, президент Обаманын рейтинги азыр 40%дын тегерегинде гана турат.
АКШдагы Gallup институтунун соңку сурамжылоосуна караганда, президент Обаманын рейтинги азыр 40%дын тегерегинде гана турат.

АКШда бүгүн Конгресске өткөөл шайлоо болот. Анын натыйжасында оппозициядагы Республикалык партия Сенатты да көзөмөлгө алышы ыктымал.

Мындай кырдаал, талдоочулардын баамында, президент Барак Обаманын администрациясынын алдыдагы эки жылдык ишин кыйындатат.

Кошмо Штаттардагы бүгүнкү өткөөл шайлоодо Конгресстин төмөнкү - Өкүлдөр палатасынын бүткүл курамы, ал эми жогорку палата – Сенаттын 100 мүчөсүнүн үчтөн бири кайра шайланат. Мындан сырткары отуз алты штатта губернатордук шайлоо да кошо өтмөкчү.

Өкүлдөр палатасындагы 435 орундун 233ү учурда оппозициядагы республикачыларга,199у бийликтеги демократтарга таандык. Калган үч орун палатанын азыркы курамында ээленген эмес. Эми өткөөл шайлоонун аркасында республикачылар Өкүлдөр палатасындагы азыркы артыкчылыгын сактап, атүгүл мандаттарынын санын дагы онго көбөйтүшү мүмкүн деп болжолдонууда.

Вашингтондогу басма сөз жыйында Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест президенттин экинчи бийлик мөөнөтү ортолоп калгандагы шайлоонун чечүүчү фактору катары төмөнкү жагдайды атады:

- Менимче бул шайлоо эмес учур, өзгөчө акыркы эки жыл үчүн деле чындык. Вашингтондогу Колумбия округу (Ак үй жайгашкан район) орто катмардагы үй-бүлөлөргө жардам бергидей саясатты ишке киргизе албаганынан улам шайлоочулардын бир бөлүгүнүн көңүл калуусу күчтүү болуп жатканы.

Өткөөл шайлоодо Конгресстин жогорку палатасы –Сенаттагы 36 орундун ээлери да кайра шайлануусу керек. Өзү 100 орундуу Сенатты азыр бийликтеги демократтар көзөмөлдөйт. Аларга 100 мандаттын 55и, республикачыларга 45и таандык.

Коомдук пикирди сурамжылоонун шайлоо алдындагы жыйынтыктары Сенатка көзөмөл да республикачылардын колуна өтүп кетиши ыктымалдуулугун көргөзүүдө.

Вашингтондогу Брукингс институтунун башкарууну изилдөө маселелери боюнча директору Даррелл Вест Рейтердин кабарчысы менен маегинде буларга токтолду:

- Республикачылар жок дегенде дагы беш орун алып, Сенаттагы катнашты 50-50 кылгыдай жакшы формада турушат. Бирок аларда алтынчы орунду алуу мүмкүнчүлүгү да бар. Эгер сиз штаттарды карасаңыз, талапкерлер бедели жагынан бири-бирине куйрук улаш келе жатышат. Алардын арасындагы ажырым эки –үч пайыздай эле.

Сенатта артыкчылыкка ээ болуш үчүн республикачыларга кошумча алты мандат алуу эле жетиштүү. Өткөөл шайлоо алдындагы кырдаал алардын пайдасына ооп турганын байкоочулар дагы бир – эки факт менен негиздешүүдө.

Талашка түшкөн 36 орундун 21ин демократтар, 15ин республикачылар коргоодо.

Аризона штатындагы шайлоо бекет. 2-ноябрь, 2014-жыл.
Аризона штатындагы шайлоо бекет. 2-ноябрь, 2014-жыл.

Бирок сенаторлору кайра шайланып жаткан жети штатта президент Обама 2012-жылдагы шайлоодо атаандашынан аз добуш алган.

Ал эми республикачылар сенатордук орунду коргоп жаткан 15 штаттын бирөөсү гана соңку президенттик шайлоодо көпчүлүк добушту Обама үчүн берген.

Талдоочулар ошондой эле АКШда адатта, бийликтеги алтынчы жылындагы өткөөл шайлоодо президенттин партиясы ар убак уттурарын, тарыхта мындай болбогон учурлар аздыгын эске салышууда.

Обама рейтингинин таасири

Конгресстин эки палатасына тең көзөмөлдүн республикачыларга өтүшү аналитиктердин пикиринде, президент Обаманы бийликтеги акыркы эки жылында саясаттагы приориттерин өзгөртүүгө, администрациясында орун которуштурууларды жасоого мажбурлашы мүмкүн.

Вашингтондогу Брукингс институтунун талдоочусу Даррелл Вест шайлоо жыйынтыгына Обаманын рейтинги да таасир берерин белгилейт:

- Бул өткөөл шайлоо - президент Обама экономикалык саясатты кандай жүргүзгөнү, тышкы саясатта эмне болуп жатканы, Обаманын жалпы бедели боюнча өйдө же ылдый добуш берүү.

АКШдагы Gallup институтунун соңку сурамжылоосуна караганда, президент Обаманын рейтинги азыр 40%дын тегерегинде гана турат.

Башкача айтканда, Обама жүргүзүп жаткан саясатты 30-октябрь менен 2-ноябрдын аралыгында сурамжылоого телефон аркылуу тартылган 1500 америкалыктын 41% жактырган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG