17-ноябрда Австралия менен Кытай 10 жылдан бери талкуулап келаткан эркин соода жөнүндөгү келишимге кол коюлду. Документке ылайык, Австралиянын айыл чарба азыктарын Кытайда сатууга уруксат берилет. Австралия Кытай инвестициясы үчүн коюлган чектөөлөрдү алып салат.
Келишимге Австралия өкмөт башчыcы Тони Эббот менен Кытай президенти Си Цзинпин кол койду.