Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Марини зордуктаган таксист изделүүдө


Швейцариялык Мари (аты өзгөрдү) "Азаттыкка" даттанып келди. Ал жүзүн жашырып берүүнү өтүндү.
Швейцариялык Мари (аты өзгөрдү) "Азаттыкка" даттанып келди. Ал жүзүн жашырып берүүнү өтүндү.

Бишкектеги маданий борборлордун биринде ыктыярчы болуп жүргөн швейцариялык кыз аны 7-ноябрь түнү белгисиз таксист зордуктап кеткенин айтып, милицияга даттанды.

26 жаштагы швейцариялык Мари төрт айдан бери Бишкекте маданий жайлардын биринде өз кесибин өркүндөтүп, ыктыярчы болуп жүргөн. Ал бизден өз атын өзгөртүүнү өтүнүп, бирок башынан өткөн окуяны жалпы коомго жеткиргиси келгенин айтты:

- 7-ноябрь түнү досумдун үйүнөн чыгып, орусча жакшы билбегеним үчүн такси кызматтарына чала албай, көчөдөн машине кармадым. Таксист жаш жигит болчу, спортчумун деп айтты. Үйгө жеткени калганда ал машинесин ичинен кулпулап, күч колдонуп, аягы зордуктоо менен аяктады. Мен бул боюнча милицияга арыз жаздым, анткени мындай окуялар болуп жатканын милиция да, калың эл да билиши керек. Канчалаган аялдар балким зордукталып, бирок аны ичине катып, уят болобуз деп жүрүшөт.

Мари эми кыргыз милициясы бул иштин аягына чыгып, күнөөлүү адам жазасын алат деп ишеним артууда, бирок андан бери эки жума өткөнү менен милиция айыпкерди кармай элек.

Бул четтен келген конокту күч колдонуп зордуктаган алгачкы окуя эмес. Быйыл август айында да 36 жаштагы француз айым Ысык-Көлдө башына сокку жеп, каражатын алдырганы аз келгенсип, ал да зордукталганын айтып чыккан. "Бирок көпчүлүк туристтер милицияга арыз жазбастан өлкөсүнө кайтышат", - деди Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов:

- Буга чейин болгон окуяларды биз да укканбыз, бирок көпчүлүк жабыркаган туристтер милицияга арыз беришпейт, аны биз кылмыш катары карай албайбыз. Бирок ИИМдин да туристтердин коопсуздугу менен иш алып барган атайын бөлүмү бар. Анткени бул Кыргызстандын имиджине, кадыр-баркына байланыштуу маселе. Эгер арыз жазылса, анда сөзсүз каралат, иш жүрөт.

Сеитовдун айтымында, быйыл Бишкекте каракталган немис туристтер да милицияга арыз жазган эмес, бирок Кыргызстандагы немис коомдору бул окуяга көңүл бурган.

"Абройго шек келтирип жатат..."

Туризм жаатында жана эл аралык уюмдар менен иш алып барган активист Максат Дамир уулу туристтерге кол салган мындай окуялар маалымат чагылгандай тез тараган интернет доорунда өлкөнүн аброюна көлөкө түшүрөт деп кейиди:

- Мындай окуялар башка туристтер үчүн да абдан тескери таасир калтырат. Мисалы, мен бир өлкөгө барып, Фейсбук же Твиттерге, балким Инстаграммга жаман пикир калтырсам башкалар да ошондой эле ойдо калышы мүмкүн. "Кыргызстанда зордуктаптыр" деген кабарды уккан адам сөзсүз жаман абалда калат деп ойлойм. Абдан өкүнүчтүү.

Кыргыз бийлиги туризм казынаны толтурчу бирден бир тармак экенин белгилеп, “Көчмөндөр оюну” сыяктуу иш-чараларды өткөрүп, керек болсо жол коопсуздук кызматтарына Казакстандан келчү туристтердин тынчын албоону тапшырган.

2005-жылкы март ыңкылабынан кийин Кыргызстан туристтер үчүн кооптуу өлкө деп табылып, бул тизмеден 2007-жылы чыгарылган. Бирок соңку төрт ай ичиндеги туристтерди зордуктоо, тоноо фактылары да башка туристтерге залакасын тийгизбесе болгону дешет адистер.

Ал эми швейцариялык Мари ага Кыргызстан абдан жакканын, эли меймандос экенин белгилеп, бирок соңку окуядан улам өз өлкөсүнө белгилеген убакыттан эрте кайтууга мажбур экенин айтты.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG