Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

Аба ырайы: күндүн көзү көрүнбөйт


7-8-декабрда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен кар жаап турат. Жолдор тоңголок, тайгак болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы 7-9-декабрда бир кыйла төмөндөйт.

5-декабрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлердинде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл кылаасында 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5..-10, күндүз ....-4...-1,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5,
Баткен облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5,
Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -7…-12,

5-декабрда Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7...9°суук, күндүзгү жогорку температурасы 0...2° суук болот.

XS
SM
MD
LG