Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Кыргызстан мобилдик интернет эң начар өлкөлөрдүн катарында


Кыргызстан мобилдик интернет байланышы эң начар мамлекеттердин катарына кирет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Талант Султанов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө интернет колдонгондордун саны 4 миллионго жетти. Жакында жүргүзүлгөн атайын изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстан 175 өлкөнүн ичинде кандай позицияда экени аныкталды:

- Интернеттин ачыктыгы бизде абдан жакшы экен. 175 өлкөнүн ичинен 34-орундабыз бул жагынан. Бирок тездиги жагынан 71-орунду ээледик. Эң начар жаңылык – мобилдик интернет кымбат жана жай экен, -деди Султанов.

Кечээ, 10-декабрда Бишкекте Кыргызстан менен Борбор Азиядагы интернеттин азыркы абалы жана келечегин талкуулаган эл аралык жыйын өттү. Аны Кыргызстандын Стратегиялык изилдөөлөр институту эл аралык уюмдар менен бирге уюштурган. Султановдун айтымында, Интернеттин мындан ары өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн мыйзамдык базаны өркүндөтүү, дүйнөлүк компаниялар менен байланышты чыңдоо маселелери талкууланды. (AzK/RK)

XS
SM
MD
LG