12-декабрда Москва шаарындагы Борбордук банктын жанына эки жүзгө чукул адам чогулуп акция өткөрүштү. Алар бири нече жыл мурун валюталык ипотека менен насыя алгандар. "Дельта Кредит", СМП, "Альянс", Raiffeisen, "Абсолют", "Уралсиб", "Восточный экспресс" сыяктуу ири банктардын ипотекага турак үй алышкан.
Нааразычылык акциясына чыккандар бүгүнкү жайгдайга байланыштуу насыялык саясатты жөнгө салууну, мамлекет маселени акыйкат чечип берүүсүн талап кылышты. Алар насыяны доллар менен алышкан, учурда аны төлөөгө келгенде кыйналып жатышканын билдиришти.
Орус рублини куну кетүүдө. 12-декабрда Москва биржаларындагы рублдин куну долларга карата өзүнүн жаңы чегине жетип - 57 рублду түздү. Орус акчасынын еврого жана долларга карата куну Кремлдин аны сактап калуу аракеттерине карабастан төмөндөп жатат. Жума күнү бир евронун биржадагы баасы 70 рублдан ашты.
Рублдун куну дүйнөдө мунайдын баасынын арзандашынан жана АКШ менен Евробиримдиктин Орусияга каршы Украинадагы жаңжалга байланыштуу киргизген бир катар санкцияларына байланыштуу түшүп жатканы айтылууда. (TSh)