Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Токтонасыров Бажы биримдигине каршы акция өткөрдү


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Улуттук филармониянын алдында Кыргызстандын Башы биримдигине киришине каршы кара мүшөктүн ичине кирип алып акция өткөрдү. “Кыргызстан биримдикке кирсе, биз мамлекеттүүлүгүбүздү, тилибизди жоготобуз. Саясий жана экономикалык жактан көз каранды болуп калабыз. Бул маселе референдумдун негизинде чечилиши керек”, - деди укук коргоочу “Азаттыкка”. Ал президентти буга байланыштуу келишимге кол койбоого чакырды.

Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразия эркин экономикалык аймакка кирүүсү тууралуу келишим 23-декабрда Москвада түзүлөт. Ага кыргыз тараптан президент Алмазбек Атамбаев катышып, келишимге кол коерун премьер-министрдин Бажы биримдиги боюнча кеңешчиси Олег Панкратов өткөн аптада Стамбулда өткөн ишкерлердин форумунда билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG