Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Өкмөттөгү өзгөрүү, орун алмашкан кадрлар...


Минисрликке талапкерлерди Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы көрсөттү.
Минисрликке талапкерлерди Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы көрсөттү.

Жогорку Кеңеш өкмөттөгү бошогон министрлик орундарга бир катар талапкерлерди сунуштады.

Эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына Чүй облусунун мурунку губернатору Айбек Азыранкулов сунушталды. Анын алдында парламент билим берүү министри кызматына мурунку вице-премьер Элвира Сариеванын талапкерлигин колдоп берди. Сариева бошоткон кызматка депутат Дамира Ниязалиева барууга макул болду. Өкмөттөгү мындай соңку кадрдык өзгөрүүлөр сынга да кабылды.

Жогорку Кеңеш эмки жыйынында вице-премьер-министр кызматына Социал-демократтар фракциясынан депутат Дамира Ниязалиеванын талапкерлигин карайт.

Ниязалиеваны ал орунга өзүнүн фракциясы сунуштап жатат. Депутат “Азаттыктагы” маегинде, өкмөткө барууга макул болгон себебин түшүндүрүп берди:

Дамира Ниязалиева.
Дамира Ниязалиева.

- Жогорку Кеңеш, депутаттардын баары өкмөткө суроо бере беребиз, эмнеге бул мыйзам иштебейт, эмнеге тигил тапшырма аткарылбайт деп сурайбыз. Бирок жооп жок. Мына мен сегиз жылдан бери депутатмын. Мен да толгон-токой суроо берип келдим. Эми өкмөткө өзүм барып көрөйүн деп жатам. Анан калса “мунун тилинен эле келет экен, колунан эч нерсе келбейт экен”, деген сөздөр, ойлор чыкпасын деп макул болдум. Бардык нерсени жеңсек болот. Албетте кыйынчылык болбой койбойт. Бирок баарыбыз эле кыйынчылыктан корко берсек өлкөбүз алдыга жылбайт да. Иштей турган, жоопкерчиликти ала турган да адамдар болушу керек. Мен жоопкерчиликти алайын деп чечтим.

Буга чейин социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр кызматын Элвира Сариева аркалап келген. Сариева мамлекеттик кызматка келгенге чейин бир нече эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүндө иштеген, жеке ишкер катары да тажрыйбасы бар болчу. Жогорку Кеңеш эми Сариеваны билим берүү министри кызматына жактырды.

КСДП эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына Чүй облусунун мурунку губернатору 35 жаштагы Айбек Азыранкуловду көрсөттү. Кадрдык сунуштоолор боюнча аталган фракциянын төрагасы Чыныбай Турсунбеков кеп салды:

- Айбек Азыранкулов деген жигит жаңы өсүп келаткан, жаш кадрлардын бири. Мамлекеттик кызматта иштеген. Айыл өкмөттөн баштап Чүй облусунун губернатору кызматына чейин көтөрүлгөн. Жаманатты болгон эмес, өзүн жакшы жактан көрсөткөн. Принциптери бар, таза кадр. Ал эми Элвира Сариеванын талапкерлиги кечээ Жогорку Кеңеште каралып жатканда анын дарегине жакшы сөздөр айтылды. Ал вице болуп иштеген сегиз айдын ичинде өзүн жакшы жактан көрсөттү, иштеп кете аларына ишеништи. Дамира Ниязалиева болсо парламентте төрт жыл Социалдык саясат комитетин башкарып келди. Дээрлик бардык маселелерди билет. Бул жаатта мыйзамдардын даярдалышына активдүү катышып жүрдү. Тажрыйбасы бар.

Бирок мындай кадрдык өзгөрүүлөр, орун алмашуулар сынга кабылды. Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаевдин пикиринде, мамлекеттин кадр саясаты алешимдиктерден арыла элек:

- Азыркы көрүнүш жыйырма жылдан бери кадрлардын даярдалбай келгенинин бирден бир белгиси. Ачыгын айтуу керек, Кыргызстанда кадр жок. Мамлекеттик аппаратта 20 жылдан бери кадр даярдоо, өстүрүү институту калыптанган эмес. Ушул себептен дайындоого келгенде өкмөт, аны түзгөн коалициялык көпчүлүк кадрларды таппай карайлап калып жатышат. Ал эми азыр дайындалып жаткан кадрларга жакшы жаман деп баа бере албайм. Алгач ишин көрөлү, анан баалайлы.

Кадрлар таңкыстыгы тууралуу пикирге Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, белгилүү юрист Мукар Чолпонбаев да кошулат:

- Бийликте турган партияларга көпчүлүк ишенбей калды. Ишенбей калган себебинин да бири ушул. Жаңы кадрлары жок, ошондуктан эски кадрларды эле ары-бери жылдырып жатышат. Өкмөттөгү кызматтардын баарын партиялар бөлүштүрүп алган. Ошол партиялардын ичинде кадрлар жок болуп жатат.

Элвира Сариева Нарын облусундагы иш сапарында. 18-апрель, 2014-жыл.
Элвира Сариева Нарын облусундагы иш сапарында. 18-апрель, 2014-жыл.

Оппозициялык маанайдагы депутат Равшан Жээнбеков азыркы системаны сынга алды, жалпы чөйрө жаңыланмайынча кадрлар жагдайды өзгөртө албасын белгиледи:

- Кандай гана адам кызматка келбесин жаңы бир өзгөрүүлөрдү алып келүүгө эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Тескерисинче, жаңы нерселерди, жаңы көз карашты алып келем деген адамдарды эски, советтик көз караштагы авторитардык чөйрө сыртка ыргытып салат. Ошондуктан жаңы кадрлардан өзгөрүү болот, кайсы бир министрлик оңолуп кетет деп күтүү болбогон нерсе. Кандай гана күчтүү кадр болбосун ушундай шартта өзгөртүү жасай албайт. Тескерисинче, ал адамдар ошол чөйрөнүн таасири, эрежелери менен жашаганга, ылайыкташканга туура келет.

Бирок КСДП фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков бийликтин кадр саясаты боюнча айтылган дооматтарды жокко чыгарууда:

- Биз партиялык принцип боюнча иштеп жатабыз. Саясий кызматтарга бүгүнкү Конституциянын негизинде кадрларды өстүргөнгө толук укугубуз бар. Бул жагынан бизге эч ким күнөө кое албайт. Кадрлар жетишпейт, таңкыс деген сөздөрдү КСДП фракциясын эптеп эле каралап калууну каалаган күчтөрдүн, бизге атаандаштардын негизсиз сөздөрү катары кабыл алып жатабыз.

Ал арада кадр маселеси өкмөттө да сөз болду. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев министрлердин чогулушунда кадрлардын резервин түзүүнү, аларды тандоодо эски ыкмалардан арылууну тапшырды.

XS
SM
MD
LG