Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:01

ФИФА Гарсианын иликтөөсүн толук жарыялайт


2018 жана 2022-жылдардагы дүйнөлүк футбол чемпионаттары өтүүчү өлкөлөрдү тандоодогу бейчекиликтер боюнча иликтөө жарыяланат. Бирок Эл аралык футбол федерациясы - ФИДЕнин президенти Степп Блаттер чемпионатты Орусия менен Катардан башка өлкөлөрдө өткөрүү маселеси кайра колго салынбайт деп эскертти.

Блаттер билдирүүнү ФИФАнын директорлор кеңеши Мароккодо өткөргөн жыйындан кийин 19-декабрда жасады. Директорлор кеңеши ФИФАнын этика боюнча иликтөөчүсү Майкл Гарсианын докладын купуя талкуулашты.

Маалымдалганга караганда, доклад добуш берүүдө мыйзамсыз кадамдарга барды делген адамдардын ысымы такталгандан соң жарыяланат.

ФИФА докладды жарыялабай кармап жатканга нааразылык ирети Гарсиа 17-декабрда кызматынан кеткен. Өткөн айда ФИФА докладдын 42 барагын гана жарыялаган. Гарсиа иликтөөнү толук жарыялоону талап кылып жаткан.

XS
SM
MD
LG