Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Пакистан: беш жүздөй "террорчу" дарга асылат


Пакистан абагында жаткан адамдар.
Пакистан абагында жаткан адамдар.

Пакистанда келерки жумаларда террорчулукка байланышы бар деп соттолгон 500гө чамалуу кылмышкер дарга асылат.

Бул жөнүндө өлкөнүн ички иштер министри Низар Али Хан 21-декабрда шамдан кийин жарыя кылды.

Пакистандын жарандык өкмөтү өлүм жазасына 2008-жылы тыюу салган эле. 16-декабрда талип согушчандары Пешавардагы мектепке жасаган чабуулдан соң өкмөт мораторийди токтотту. Канды булоондо 132 окуучу жана тогуз адам жайран болгон.

Пакистандын ички иштер министри Низар Али Хандын 21-декабрда Исламабадда билдиришинче, террорчулук иштерге тиешеси бар деп соттолгон адамдарды өлүм жазасына тартуу жөнүндө чечим Пешавардагы кызыл кыргынга чейин кабыл алынган. Бирок премьер-министр Наваз Шариф өлүм жазасына тартууга тыюу салган мораторийди токтотуу тууралуу чечимди 16-декабрдагы калаймандан кийинки күнү бекиткен.

Пакистандагы террактан каза тапкан балдарды эскерүү.
Пакистандагы террактан каза тапкан балдарды эскерүү.

Пакистандын жарандык өкмөтү өлүм жазасына 2008-жылы алты жылдык мөөнөткө мораторий жарыялаган. Өлкөнүн ички иштер министри Низардын кабарчыларга маалымдашынча, террорчу деп соттолгондорду дарга асуу үчүн түрмөлөрдөгү дарга асчу жайлар тазаланган жана өкүмү моюнундагы 500гө жакын адам да дарга асууга даярдалган:

- Ички иштер министрлиги ал үчүн баарын даярдады, бардык адамдар да даяр. 450дөн көп, 500гө жакын кылмышкер юридикалык жараяны бүтүп, ырайым сурап кайрылганда, биз алардын өтүнүчүн четке кагып, чечимди президентке бердик. Өлүм жазасы ишке ашырылсын деген чечимди премьер-министр ошол замат кабыл алды. Өлүм жазасына тартуу келерки жумаларда башталууга тийиш.

Адам укугун коргоочулар Пакистан өкмөтүнүн өлүм жазасына мораторийди алып салганын сындашты. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан "Хьюман Райтс Уотч" уюму Пакистанды өлүм жазасына тартууну токтотууга чакырды.

“Пакистан өкмөтү Пешавардагы жүрөктүн үшүн алган чабуулга жооптууларды таап, соттогондун ордуна кан төгүп, өч алууну артык көрдү",- деп билдирди эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Азия боюнча орун басар директору Фелим Кайн. Ал Пакистан өкмөтүнүн өлүм жазасына тартууну калыбына келтирүүсүн Пешавардагы канды булоондон кийинки саясий коркоктук деп билет.

Мораторий алынып салгандан бери алты адамдын өкүмү ишке ашырылды.Төрт адам 21-декабрда катуу күзөтүлгөн Файзалабад түрмөсүндө дарга асылды. Алар 2003-жылы Пакистандын ошо кездеги президенти, өлкөдө аскерий башкаруу орноткон Первез Мушаррафка кол салууга катышкан деп айыпталган. Бул иш боюнча Руси деген ат менен таанымал орусиялык Ахлак Ахмед деген адам да дарга асылганын Пенжаб провинциясынын расмий өкүлү маалымдады.

Пакистандагы түрмө.
Пакистандагы түрмө.

Өлүм жазасына тартылчулардын арасында 2009-жылы Шри-Ланканын крикет боюнча тандалма командасына жана Равалпинди шаарындагы аскердик штабга кол салууну жетектеген деп айыпталган мурдагы аскерий врач Мухаммед Акил же доктор Усман да бар.

Пакистандагы адилеттик долбоору деп аталган укук коргоочу уюмдун билдиришинче, өлкөдө бардыгы 8200дөй адам дарга кезек күтүүдө. Анын ичинде терроризмге катышы бар деп соттолгон миңдей адам да бар.

Низар Али Хандын сөзүнө караганда, Пешавардагы мектепке кол салууга байланыштуу бир нече адам кармалган жана чабуул жасагандардын баары пакистандыктар экен.

Пакистан талиптеринин өкүлүнүн билдиришинче, 16-декабрдагы кызыл кыргын өкмөттүк күчтөрдүн июндан берки операциясы кезде Түндүк Вазиристанда өлтүрүлгөн 1200дөн ашуун согушчан үчүн өч алуу болгон.

XS
SM
MD
LG