Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Иранда дарга асуу көбөйүүдө


Иран Ислам Республикасында өлүм жазасына тартуу соңку бир жылда көбөйдү. Бул жөнүндө БУУнун Ирандагы адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Ахмед Шахид билдирди.

Ахмед Шахид өз докладында көрсөткөндөй, БУУнун Башкы ассамблеясы үчүн даярдаган изилдөөдө 2013-жылдын июнь айынан бери Иранда кеминде 852 адам, анын ичинде 8 өспүрүм өлүм жазасына тартылып, өкүм аткарылган.

Иранда саясий кылмыш жасады, маңзаттарын сактаган жана коррупцияга аралашкан деп, жогорку жазага өкүм болгондорго коюлган күнөөлөр эл аралык стандартка туура келбейт. Ошон үчүн Иранда өспүрүмдөрдү өлүм жазасына тартууга жана кылмышкерлерди эл алдында дарга асууга мораторий жарыяланыш керек. Мындай сунушту Улуттар уюмунун Ирандагы адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Ахмед Шахид 28-октябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын үчүнчү комитетиндеги угуу учурунда жасады.

Ахмед Шахид
Ахмед Шахид

Иран өкмөтү жана парламенти адам укуктарын абалын жакшыртуу үчүн Ислам кылмыш кодекси менен Кылмыш-процессуалдык кодекске тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизген. Ошондой эле сентябрда Жарандык хартия сунуш этилген. "Ага карбай өлүм жазасына тартуунун көбөйгөнү айрыкча тынчсыздандырат", - деди Шахид:

- Өткөн жылы өлүм жазасына тартуулардын көбөйгөнү өзгөчө тынчсыздандырат. Былтыр июндан бери кеминде 852 адам өлүм жазасына тартылды. Алардын 799у, анын ичинде 8 өспүрүм былтыр мен комитетте сүйлөгөндөн берки мезгилде өлүм жазасына тартылды.

Жарандардын эркин маалымат алуу укугу да сакталбайт. Иран бийликтери, Шахид докладда көрсөткөндөй, маалымат булактарын жана социалдык медиа сайттарды цензуралап, кысмакка алууну адатка айлантып алган.

- Бүгүн Иранда кеминде 35 журналист абакта кармалууда. Башка дагы 36 журналист, блоггер жана автор быйыл майдан бери журналисттик ишмердигине байланыштуу же социалдык медиа сайттарда өз көз карашын билдиргени үчүн камакка алынып, сурак берди же соттолду.

Иранда диний азчылыктарды куугунтуктоо да кеңири жайылган. Улуттар уюмунун Ирандагы адам укуктары боюнча атайын баяндамачысынын айтымында, учурда диний көз карашы үчүн 300дөй адам абакта отурат. Алардын арасында 126 бахайи, 49 тарса-христиан жана 9 дервиш да бар.

Шахиддин жыйында айтышынча, ирандык аялдар менен кыздарды кемсинткен мыйзамдар аларга бир даражага төмөндөй мамиле кылууга расмий өбөлгө түзгөн:

- Ирандык аялдардын жана кыздардын макамын төмөндөткөндөй кемсинтүүчү мыйзамдар, саясат жана тажрыйба расмий түрдө уланууда. Мыйзамдар аялдардын укугуна жана мүмкүнчүлүгүнө ылайык келбейт.

2012-жылы киргизилген гендердик чектөөлөр саясатынан кийин университеттерде окуган аялдардын саны 48 процентке түшүп кеткен. 2008-жылы аялдар университеттерде окуган студенттердин 62 процентин түзчү.

29-октябрда Дүйнөлүк экономикалык форум жарыялаган доклад да Иран аялдардын укуктары катуу чектелген Йемен, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдүн катарында экенин көрсөттү. 142 өлкөдөгү аялдардын абалы жөнүндөгү аталган жылдык докладга караганда, Иран аялдардын саясий, экономикалык жана социалдык укуктарынын абалы боюнча арткы 137-орунда турат.

Ахмед Шахид өз сөзүндө Иран бийликтери адам укугун коргоочуларды түрдүү жолдор менен кысмакка алганына, аларды террорчулар жана тыңчыларга теңеп каралаганына да көңүл бурду.

Ирандын БУУдагы өкүлү болсо Шахидге адам укугунун абалы боюнча доклад даярдоо мандаты саясий жүйө менен берилген, доклад Ирандагы абалды каралап көрсөтөт деп сындады.

XS
SM
MD
LG