Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Иран: каардуу сот келбес сапарга аттанды


Гиланини өлкө бийликтери жана мамлекеттик маалымат каражаттары “көсөм юрист”, “кайратуу судья” деп сыпаттап келишет.
Гиланини өлкө бийликтери жана мамлекеттик маалымат каражаттары “көсөм юрист”, “кайратуу судья” деп сыпаттап келишет.

Тегеранда Ислам революциясынын алдыңкы каармандарынын бири, сот тармагында бир нече жыл кызмат кылган аятолла Мохаммад Мохаммади Гилани көз жумду.

Ал Иран өлкөсүндө Ислам революциясынын баатыры катары таанымал. Гилани оппозициялык кыймылга кирип, Иран бийлигине каршы чыккан өз балдарын дагы аябай, дарга асууга буйрук бергени менен элдин эсинде калган. Ошол эле маалда укук коргоочулар аны миңдеген адамды өлүм жазасына тарткан баш кесер деп айтып келишет.

Гиланини акыркы сапарга узатуу зыйнаты Тегерандын башкы мечтинде өткөрүлүп, сөөгү 10-июлда ыйык Кум шаарында жерге берилди. 1979-жылдагы Ирандагы Ислам төңкөрүшүнөн кийин сотторду революциялык сакчылар кеңеши жетектеп, Жогорку Соттун төрагасынын кызматын аркалаган Гиланини өлкө бийликтери жана мамлекеттик маалымат каражаттары “көсөм юрист”, “кайраттуу судья” деп сыпаттап келишет.

Ошол эле маалда башкалардын, өзгөчө башкаруучу режимге каршы чыккандардын жана адам укуктарын коргоочулардын бул инсан боюнча ою таптакыр башкача. Алардын пикиринде Гилани Иран оппозициясынын миңдеген өкүлдөрүн, керек болсо өз уулдарын дагы өлүм жазасына тарткан, ырайымысыз судья. Укук коргоочулардын айтымында, жогорку жазага тартылгандардын баары өлүм алдында бир нече мүнөттүк аёосуз кыйноого дуушар болушкан.

Ирандагы демократияны жайылтуу жана адам укуктарын коргоо жаатында иш алып барган Abdorrahman Boroumand Foundation компаниясынын негиздөөчүсү жана аткаруучу директору Роя Боруманд: “Ал Тегерандын Ислам революциялык сотунун төрагасы болуп турганда анын чечими менен миңдеген адамдар атууга кеткен” - дейт.

Гилани 1928-жылы Ирандын Гилян аймагында туулган. Ислам революциясынын маалында ал 41 жашта эле. Байкоочулардын айтымында, ал жаңы негизделген революциялык соттун төрагалыгына аятолла Хомейни тарабынан дайындалган. Хомейнинин буйругу менен Гилани миңдеген адамдарды “коррупция” деген айып менен камоого чечим чыгарган.

Боруманд билдиргендей, учурда адилетсиз жана саясат аралашкан деп сындалып келген Ирандын сот системасын негиздөөчүлөрдүн арасында Гилани да бар.

Мамлекеттик телеканалдардын биринде сүйлөп жатып Гилани эшилген аркан менен чапкылоо жазасын жактап чыккан. Бул жазаны кийинчерээк абактагыларга жана өлүмгө кете тургандарга колдонушкан.

Ирандын адам укуктары боюнча борборунун айтымында, 1981-жылы “ИРНА” маалымат агенттигине маек берип жатып Гилани бахаилердин лидерлеринин дарга асылганын туура чечим деп ырастап, алар чыккынчылык менен алектенген деп билдирген.

Боруманддын айтымында, Гилани Ирандагы режимге каршы чыккандарды Иран коомчулугун тазалоо максатында атууну кеңири колдонгон.

"Ал революциянын алгачкы жылдары терроризмге салым кошкон аткаминерлердин бири болгон",- дейт Боруманд.

“Ал өзүнүн бул чечимдерин мындай түшүндүрчү: ислам коомчулугу бир денедей, эгер дененин бир мүчөсү бузулса, башкаларга дагы доо кетет. Ошол себептен терс нерселердин бардыгы жоготулушу керек”

Көптөгөн ирандыктардан айрымаланып, Гилани өз уулдарын дагы дарга асканы менен аты чыккан.

“Мехр” агенттигинин жазганына караганда, каардуу судья уулдарын “Мухажеддин Е хальк” оппозициялык уюмунун мүчөлөрү болгондуктан жогорку жазага тартууну чечкен.

2009-жылы Гилани сот тармагынын атайын медалы менен сыйланган. Сыйлыкты тапшырып жатып, Ирандын ошол кездеги президенти Махмуд Ахмадинежад анын эмгегин, адегенде адилеттүүлүк үчүн эч кимди аябаган чечкиндүүлүгүн жогору баалай турганын билдирген.

Бул билдирүүнү көптөр 1981-жылы Гилани өз уулдарынын сотунда төрагалык кылып, аларды дарга асууга буйрук бергени үчүн деп түшүнүшкөн.

Кийинчерээк маалымат каражаттары, анын ичинде “Жомхури Ислами” гезити Гиланинин уулдары дарга асылбай эле, Ирандын коопсуздук күчтөрүнөн качып, цианид уусун ичип, өз жандарын кыйган деп жазып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG