Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

Триполидеги жардырууда жети адам набыт болду


Ишембиде Ливандын Триполи шаарында жанкечти кафени жардырып, андан жети адам набыт кетип, 30 киши жаракат алды.

Теракт шийиттердин бир бутагы алавиттер жашаган Жабал Мохсен маалесинде болгон.

Триполиде Жабал Мохсендин жашоочулары менен сунниттер жашаган Баб ал-Теббанех районунун тургундарынын ортосунда чыр-чатактар тез болуп турат. Акыркы жылдары ондогон адамдар, алардын басымдуусу чатак чыккан аймакта болуп калган карапайым тургундар зомбулукка кабылышты.

Триполидеги жоолашуу Сириядагы куралдуу кагылышуулар күчөп турган шартта болууда. Жабал мохсендиктер Сирия президенти, алавит Башар Асадды, Баб ал-Теббанех тургундары болсо суннит козголоңчуларды колдошот.

XS
SM
MD
LG