Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Парижде терроризмге каршы миллион адам катышкан жүрүш өттү


Парижде миллиондон ашык адам акыркы күндөрдөгү теракттын курмандыктарын эскерүү жүрүшүнө чыкты. Бул акцияга 40ка жакын өлкөнүн жетекчилери катышты. Алардын арасында Франциянын президенти Франсуа Олланд, Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон, Германиянын канцлери Ангела Меркел, Украинанын президенти Петро Порошенко, Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху, Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас жана Иорданиянын королу Абдалла II, Евробиримдиктин, НАТОнун жетекчилери жана башкалар болду.

АКШдан башкы прокурор Эрик Холдер, Орусиядан тышкы иштер министр Сергей Лавров катышты. Жүрүштүн алдыңкы сабында ушул аптадагы кол салуулардан каза болгондордун жакындары болду. Алар калаадагы Республика аянтынан Вольтер бульвары аркылуу Улуттар аянтын көздөй басып, жүрүштү баштап барышты.

Франциянын президенти жүрүштү баштап жатып, "Париж бүгүн дүйнөнүн борборуна айланды" деп билдирди.

Акция учурунда шаардагы коопсуздукка 2000ден ашык полиция кызматкери, 1300дөн ашык аскер кызматкерлери көз салды.

Франциянын премьер-министри Мануэль Вальс бүгүнкү жүрүш "тарых китептерине жазылчу эң ири манифестация болуп калат" деп билдирген.

Мындан сырткары он миңдеген адамдын катышуусундагы акциялар Нант, Тулуза, Орлеан, Безансон, Ницце, Лилль шаарларында өттү.

Парижде акыркы үч күн ичинде кылмышкерлердин кол салуусунан 17 адамдын өмүрү кыйылды. Тергөө ал кылмышкерлер ислам динин жамынган радикал жоочулар экенин айтууда. Мухаммед пайгамбардын карикатурасын тартып, чоң талашка жем таштаган Charlie Hebdo журналынын редакциясына болгон алгачкы чабуулда 12 адам мерт болду. Алардын сегизи журналист, экөө полициячы. Жума күнү полициянын атайын операциясынын жыйынтыгында кылмышка шектүү үч адам жок кылынды.

XS
SM
MD
LG