Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Акыйкатчы: Милицияга каршы көрсөтмө берген күбөнүн коопсуздугу коркунучта


Ички иштер министрлигинин Свердлов райондук бөлүмүнүн эки кызматкери Ч.А. аттуу жаранды коркутуп, анын жана анын үй-бүлөсүнүн өмүрүнө коркунуч келтирүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Бакыт Аманбаев билдирди.

“Ч.А. аттуу жарандын аялын Свердлов раймилициясынын кызматкерлери барымтага алып, күйөөң сотто бизге каршы көрсөтмөсүн өзгөртпөсө, биз андай-мындай кылабыз деп коркутушкан. Адвокатынын айтымында, Ч.А. сотто аны Свердлов раймилициясынын эки кызматкери көп жылдан бери коркутуп, кылмыш жасатып жүрүшкөнүн айткан. Натыйжада, Ч.А. бирөөлөрдүн чөнтөгүнө баңгизат салып, милиционерлер аны түрмөгө камап жүргөн”, - деди Аманбаев.

Акыйкатчынын айтымында, Ч.Анын адвокаты Бишкек шаар прокуратурасына кайрылып, эки милициянын баш коргоо чарасын өзгөртүү менен чара көрүүнү жана күбөнүн коопсуздугун сактоону талап кылган. Бирок бул талап аткарылган эмес.

Бул боюнча акыйкатчы Баш прокуратурага кайрылганын, күбөлөрдүн коопсуздугу сакталмайын коомдо адилеттик орнобосун кошумчалады. (МТо)

XS
SM
MD
LG