Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Зомбулуктун алдын алуу планы иштелип чыкты


Бул тууралуу бүгүн “Балдарга карата зомбулуктун алдын алуу” деген аталыштагы жыйында социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Министрлик иштеп чыккан планга ылайык, өткөн жылы зомбулуктан жабыркаган жана ар кандай оор шартка туш болгон балдарды кабыл алуучу жети борбор ачылган. Андан сырткары мигранттардын үй-бүлөлөрү менен иштөө күчөтүлөт. Базарбаевдин белгилешинче, социалдык турмуш-шарты начар үй-бүлөлөрдө балдар көбүрөөк зомбулукка туш болууда.

Бүгүн Социалдык өнүктүрүү министрлигинин адистери, эксперттер, укук коргоочулар Кыргызстандагы тез арада чечүүнү талап кылып турган социалдык маселелерди талкуулады. Негизги болуп ымыркайларга карата зомбулуктарды азайтуу маселеси каралды.

Укук коргоочулар соңку учурда секелектерге карата зомбулук күчөгөнүнө коңгуроо кагышууда. Буга чейин ушул маселени талкуулаган өкмөттүк жыйында премьер-министр Жоомарт Оторбаев мыйзамды катаалдатууга каршы эмес экенин жана кылмышкерлердин сүрөтүн борбордук аянтка илип коюуну сунуштаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG