Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Кыргызстанды түйшөлткөн Сирия коркунучу


"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери. Ирак. 26-январь, 2015-жыл.
"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери. Ирак. 26-январь, 2015-жыл.

Ирак жана Сириядагы согуш Кыргызстанга да таасирин тийгизүүдө. Сирияга барган кыргыз жарандары мекенине кайтып келип, экстремисттик аракетин улантат деген чочулоолор бар. Бул маселе 2-февралда Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эшик артында каралды.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Сирияда учурда 200дөн көп кыргыз жараны согушка катышып жүрөт. Бул тууралуу министрликтин 10чу башкармалыгынын башчысы полковник Рафик Мамбеталиев 2-февралда билдирди:

- Бүгүнкү күндө 200дөн көп кыргыз жараны Сирияда куралдуу кагылышууларга катышып жүрөт. Алардын ичинен отузу аялдар. Биздин маалымат боюнча, 22 киши согушта каза тапкан. Бүгүнкү күндө 83 факты аныкталып, 23 кылмыш иши козголду.

Мамбеталиевдин айтымында, кыргыз жарандарын Сирияга барууга үндөгөн экстремисттер Ош облусунун Кара-Суу, Араван, Ноокат райондорунда, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары менен Кадамжай, Лейлек райондорунда, Чүй облусунун Жайыл районунда активдүү болууда.

Пакистан-Ооганстан чек арасындагы "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери. 27-январь.
Пакистан-Ооганстан чек арасындагы "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери. 27-январь.

Ички иштер министрлиги УКМК, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жана Муфтият, өкмөттүк эмес уюмдар аларга каршы туруп, эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

2-февралда Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу комитетинде "Ислам мамлекети" радикал кыймылы жана Ооганстандан коалициялык күчтөрдүн чыгарылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаал жабык түрдө талкууланды. Ага вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, УКМК башчысы Бусурманкул Табалдиев, коргоо министринин жана Башкы штабдын башчысынын биринчи орун басарлары катышты.

Коопсуздук жана коргонуу комитетинин мүчөсү Исмаил Исаковдун айтымында, жабык түрдө өткөн жыйында күч структураларынын өкүлдөрү Сирия жана Ооганстан коркунучтары жана алардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти. Жыйында коркунучтар бар экени белгиленди дейт Исмаил Исаков:

- Жабык түрдө карап, көп маалыматтарды алдык. Чындыгында бүгүнкү күндө коркунучтар бар. Аны жок деп эч ким айта албайт. Баары моюнга алышты. Ошону менен бирге ага каршы кандай иштер аткарылып жатканы да айтылды. Биз дагы өз сунуштарыбызды бердик. Ал коркунучтардын алдын алуу өлкө үчүн пайдалуу.

Исмаил Исаковдун пикиринде, Сирияда жүргөн 200дөй адамдын бир убакта келип, Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч туудурат дегенге эч кандай негиз жок. Бирок алардын бирден келип, бул жерде өздөрүнүн таасирлерин күчөтүүсү ыктымал.

Депутат Ооганстан тараптан келип жаткан коркунучтун алдын алуу үчүн чек араны бекемдөө маселеси көтөрүлгөнүн айтты:

"Ислам мамлекетине" каршы согушуу үчүн армияга кошулган шиит согушкерлери. 29-январь, 2015.
"Ислам мамлекетине" каршы согушуу үчүн армияга кошулган шиит согушкерлери. 29-январь, 2015.

- Чек ара боюнча да маселе каралды. Жаңы бекеттерди ачуу, алардын санын көбөйтүү, материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча сын-пикирлер айтылып, сунуштар берилди. Негизинен алдыга жыла турган шарт түздүк.

Коопсуздук боюнча кыргызстандык эксперттер Кубатбек Байболов жана Марат Иманкулов Ооганстан менен "Ислам мамлекетинин" жоочуларынын, идеологиясынын коркунучу реалдуу экенин билдирген.

Кыргызстан аларга каршы турууда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна таянары маалым.

Парламенттин коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбековдун айтымында, "Ислам мамлекетинин" коркунучу күчөп турган маалда ар кандай кокустуктарга даяр болуу керек. Ошол эле учурда ага каршы турууда республика биринчи кезекте өзүнө таянат деди:

- Биринчи кезекте өзүбүздүн күчтөрүбүзгө таянабыз. Анан келишимдер боюнча кырдаалга жараша Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун күчүнө да таянсак болот.

Алмазбек Баатырбековдун айтымында, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун мүчөлөрү бул маселелер боюнча маалымат алмашып, бири-бири менен кызматташууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG