Панфилов көчөсүндө жайгашкан "Колесо KG Юг" машине жуучу жайында өрт чыкканы тууралуу кабар түнкү саат 1де түшкөн. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын-ала маалыматтарга караганда, өрт өчүрүүчүлөр келген учурда тилсиз жоо имараттын 380 чарчы метрине чейин жайылган. Өрт электр жабдууларын колдонуу эрежелерин сактабагандыктан башталган деген божомол айтылууда. (ZMa)