Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Бээжинде кыргыз-кытай темир жолу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат


Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов баштаган делегация Кытай-Кыргызстан темир жолунун долбоору, багытын аныктоо жана каржы маселеси тууралуу Кытай тарап менен сүйлөшмөкчү. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдө темир жол курулушунун башталыш мөөнөтүн аныктоо да максатталууда.

Министрликтин маалыматы боюнча Кыргызстан менен Кытайдын жолчулары Кыргызстандагы түндүк-түштүктү бириктирүүчү Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдүү жол курулушунун 2-фазасын каржылоо маселесин да карашат. Мындан тышкары Манас аэропортунан Бишкек шаарына чейинки жолду кайра оңдоого каражат бөлүү жагын да сүйлөшмөкчү.

Кытай-Кыргызстан темир жолун куруу демилгеси көтөрүлгөнүнө он жылдан ашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG