Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Айдоочулук күбөлүк алчуларга талап күчөйт


Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк алам дегендерди текшерүү ыкмасын катуулатканы жатат. Аталган мекемеден "Азаттыкка" кабарлашкандай, Бишкекте айдоочунун унаа башкаруу жөндөмүн, билимин иш жүзүндө текшерүү үчүн атайын заманбап жай куруу пландалып жатат.

Бул долбоорду каржылоо үчүн инвестор изделүүдө.

Учурда документ айдоочулук күбөлүк алуучулардын теориялык билиминин негизинде гана берилет. Атайын автодром курулса күбөлүк жолдо жүрүү эрежелерин иш жүзүндө көрсөтө алгандарга гана берилмекчи.

Соңку жылдары Кыргызстанда, айрыкча шаарларда жеңил унаа көбөйүп, жол кырсыктардын саны өскөнүн адистер айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG