Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Билимге умтулган билеги күчтүүлөр


“Интеллектуал ринг” акыл таймашынын катышуучулары. 18-февраль, 2015-ж. Сүрөт: www.sport.gov.kg
“Интеллектуал ринг” акыл таймашынын катышуучулары. 18-февраль, 2015-ж. Сүрөт: www.sport.gov.kg

Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайда “Интеллектуал ринг” аталышында акыл таймашынын кезектеги оюну өттү. Ага окуу жайда билим алган 8-класстан 11-класска чейинки окуучулардан түзүлгөн 10 команда катышты.

Талант уулу Амангелди Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайында 11-класста эркин күрөш адистигинде окуйт. Келечекте Аскер кызматкери болууну кыялданат. Максатына жетүү үчүн спорт менен машыгуудан сырткары ар тараптуу билим алууга аракет кылып келет.

Ал окуган окуу жайдын окуучуларынын арасында уюшулган “Интеллектуал ринг” акыл таймашы дүйнө таанымынын кеңейишине өбөлгө болуп жатканын айтып берди.

- Бул долбоор жакшы уюштурулган. Ким уюштурса да ыраазычылык билдирем. Оюнга даярданып, билбеген көп нерселерди үйрөндүм. Бул оюндун башка мектептерде да болушун каалайбыз.

Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайында “Интеллектуал ринг” акыл таймашы бул сапар төртүнчү жолу уюшулду. Ага 8-класстан 11-класска чейин окуган 10 команда катышууда. Бул сапар оюндун темасы "Манас" эпосуна арналган.

Окуу жайдын директору Муратбек Кыбраев окуучулар ар бир оюнга кызыгуу менен даярданышканын айтты:

- Окуучулар ар бир оюнга кызыгуу менен даярданып жатышат. Алар спорт менен гана алектенбестен, өлкөдөгү интеллекти жогору мыкты окуучулар арасында да таймаштарга чыкса деп ниет кылабыз. Бул оюндар алардын ар тараптуу калыптанышына өбөлгө болот деген ишеним зор. Биздин окуучулар окууну аяктагандан кийин аскер кызматына, күч түзүмдөрүнө даярдаган окуу жайларга тапшырып жүрүшөт. Учурда билим алып жаткан окуучулар дагы эң жакшы жогорку окуу жайлардан билим алышы үчүн билим сапатын жакшыртууга да аракеттер көрүлүүдө.

“Интеллектуал ринг” акыл таймашынын катышуучулары. 18-февраль, 2015-ж. Сүрөт: www.sport.gov.kg
“Интеллектуал ринг” акыл таймашынын катышуучулары. 18-февраль, 2015-ж. Сүрөт: www.sport.gov.kg

​Окуу жайда сегиз адистик боюнча - футбол, жеңил атлетика, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, дзюдо, кыздар күрөшү, бокс жана оор атлетика багытында 325 окуучу билим алат. Алар 8-класстан 11-класска чейин окушат. Андан кийин 1-курстан 3-курска чейин окуусун улантышса болот.

Адатта «инкуб» деген ат менен белгилүү спорт интернаттан билим алган окуучулардын тартибин, жүрүм-турумун жакшыртуу үчүн тарбия иштерине да өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын окуу жайдын тарбия иштери боюнча директордун орун басары Жеңиш Жунусов айтты:

- Түрк лицейлеринен же дагы башка окуу жайлардан бул окуу жайдын айырмасы жок. Билим сапаты гана мыкты болбосо шарттары бирдей эле. Биздин окуу жайга мамлекет каржы бөлүп, окуучулар бекер билим алат, төрт маал тамактанышат. Ошол каражаттарды бекер коротпой алардын тартиптүү, билимдүү адам болуп тарбияланышына салым кошо алсак, чоң жетишкендик. Бул багытта атайын иштерди жүргүзүп жатабыз. "Интеллектуал ринг" жаңы багыттагы долбоорлорубуздун бири гана.

"Интеллектуал ринг" акыл таймашынын жыйынтыгы окуу жылдын аягында чыгарылат. 4-оюндун жыйынтыгы менен 9-класстын окуучуларынан түзүлгөн “Кеменгер” командасы атаандаштарынан алдыда келүүдө.

Алдыңкы үч лидерди 11-класстын окуучуларынын “Кыргызстандын келечеги” жана 9-класстын окуучуларынын “Биримдик” командасы толуктайт.

Оюн жыйынтыгында алдыңкы үч командага жогорку сапаттагы спорттук кийимдер, Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо өңдүү бир катар баалуу белектер берилет.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG