Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Анапияевдин жанынан табылган паспорттун ээси бар


Анапияевдин жанынан табылган паспорт
Анапияевдин жанынан табылган паспорт

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.

- Шакиров Алмазбек Мыйзамбекович аттуу адам көп жыл мурда Орусия жарандыгын алган экен. Бирок мурда паспортун жоготуп жибериптир. Анын кылмыштуу топторго тиешеси жок деген маалымат бар. Бирок ал текшерилүүдө, - деди Сейитов.

Кечээ кечинде Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири Алмамбет Анапияевдин Минскиде өлтүрүлгөндүгү тууралуу “Азаттыкка” күч тармактарындагы ишенимдүү булактары кабарлаган.

Маалыматты Анапияевдин жакындары да тастыктап, аны уктап жаткан жеринде белгисиз кишилер мууздап кеткенин социалдык тармактарга жазышты.

Маалыматка караганда Анапияевдики делген сөөк 18-февраль күнү калаанын Либкнехт көчөсүнөн “Мерседес” үлгүсүндөгү унаадан табылган. Беларус тергөө комитети бул боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG