Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:58

“Экиленген” тариф саясаты


Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып, 24-февралга карай 7 млрд. 300 млн. куб. метрге жакын калды. Өткөн жылы бул мезгилге карай 10.5 млрд. куб. метрден ашуун суу болгон.
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып, 24-февралга карай 7 млрд. 300 млн. куб. метрге жакын калды. Өткөн жылы бул мезгилге карай 10.5 млрд. куб. метрден ашуун суу болгон.

Кыргызстанда электр энергиясына тариф акыркы кезде тынымсыз өзгөрүп турууга ыкташты. Ошол максатта тариф саясаты парламенттен өкмөттүн колуна өткөрүлүп берилген.

Бирок мында президенттин таасири күчтүү болуп, өкмөттүн бекиткен тариф саясатынын аткарылышына тоскоолдук кылууда.

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жумада энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алып, калк үчүн электр энергиясына тариф 70 тыйындан калышы керектигин билдирген.

Ал эми өкмөттүн энергетика тармагындагы тариф саясатына ылайык, жыл сайын апрель айынан тартып, тарифтер 20% көтөрүлүш керек. Өкмөттүн бул саясаты президенттин каалоосуна жана калктын капчыгына каршы келүүдө.

Алмазбек Атамбаев жана Кубанычбек Турдубаев. 18-февраль, 2015-жыл
Алмазбек Атамбаев жана Кубанычбек Турдубаев. 18-февраль, 2015-жыл

Энергетиктер Кыргызстандагы азыркы тариф энергетика тармагынын чыгашаларын жаппайт, ошондуктан тармак абдан олуттуу каражат тартыштыгынан жабыркап келатканын билдирип келүүдө. Бул тартыштык импорттук электр энергиясын сатып алуу менен ого бетер көбөйөрүн адистер маалымдашты. Өткөн жылы энергетика тармагындагы каржылык тартыштык 7 млрд. сомго жеткен.

Жогорку Кеңеш тариф саясатын өкмөткө өткөрүп берген. Бирок ага карабай акыркы кезде фракция жана комитеттерде тариф саясаты кеңири талкуулана баштады.

24-февралда Жогорку Кеңештин Отун энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети тариф саясатын карады.

Комитет төрагасы Кожобек Рыспаевдин билдирүүсүнө караганда, алар жылытуу сезонунун аякташына карай жаңы тарифти алып келүүнү сунуштайт:

Кожобек Рыспаев
Кожобек Рыспаев

- Жылытуу мезгилинин жыйынтыгы боюнча жаңы тарифти алып келгиле деп сунуштайбыз. Себеби ар бир айда эле тарифти өзгөртүп, башаламан кыла берсек болбойт. Мурун 2 сом 5 тыйындан 1 сом 83 тыйынга түшүртпөдүк беле. 1-апрелде жылытуу сезону аяктап, жаңы тарифке өтөт. Ошого карай даярдап келгиле деп сунуштайбыз.

Кожобек Рыспаевдин айтымында, парламент тариф саясатын аныктоону өкмөткө өткөрүп берген менен көзөмөлдөө функциясын өзүндө калтырган.

Отун-энергетика комплексин жөнгөрүү боюнча өкмөт алдындагы департаменттин башчысынын орун басары Миргүл Айдарованын “Азаттыкка” маалымдоосуна караганда, өкмөттүн кабыл алган токтомуна ылайык, тарифтер апрель айынан тарта жыл сайын 20% көтөрүлүш керек эле. Бирок ага жолтоо болгон жагдайлар жаралууда:

- Тариф саясатында жыл сайын 20% көбөйүп турат. Өзүбүз өндүргөн электр энергияга тарифтин өзгөрүшү ошондой жазылган. Мына ошону биз аткарышыбыз керек деген пикирди айтып жатабыз. Бирок азыр ойлонуп калдык. Анткени пикирлер ар түрдүү болуп жатат.

Миргүл Айдарованын айтымында, Токтогул ГЭСинин бир агрегатынын иштебей калышы да энергетикага жана тариф саясатына таасирин тийгизүүдө. Анткени суунун аздыгы, бир агрегаттын иштебей калышы импорттук электр энергиясын көбөйтөт. Бул өз кезегинде тариф саясатына таасирин тийгизет. Кандай болгон күндө да департамент тарифтердин өзгөрүүсү боюнча өзүнүн эсебин ушул жумада жарыялоону көздөп жатат.

Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

Электр станциялар акционердик коомунун кабарлоосуна караганда, Токтогул ГЭСинде бузулган агрегатты оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Ал үчүн Украинадан атайын жабдуулар алынды. Ага 500 млн. доллардан ашуун каражат сарпталды. Оңдоо иштери апрель айында аяктап, ГЭСтин төрт агрегаты тең иштеп калат.

Бирок Токтогулда суунун көлөмү азайып, 24-февралга карай 7 млрд. 300 млн. куб. метрге жакын калды. Өткөн жылы бул мезгилге карай 10.5 млрд. куб. метрден ашуун суу болгон.

Энергетика маселеси боюнча эксперт Расул Үмбөталиевдин айтымында, Токтогулда 6.5 млрд. куб. метр суу калганда ГЭСти иштетүү өтө опурталдуу болуп калат. Ал деңгээлге апрель айына карай келип калышыбыз мүмкүн. Ага жеткирбеш үчүн жакынкы айларда электр энергиясын жапырт өчүрүүлөр жүрөт.

Энергетикалык эксперт Николай Кравцовдун пикиринде, азырынча кыштан чыктык деп эсептөөгө болбойт. Энергетикадагы кырдаал аба ырайына жараша болот:

- Азырынча бир жактуу айтуу кыйын. Анткени кыш аяктай элек. Расмий түрдө жылытуу мезгили аяктады деп 1-апрелден эсеп башталат. Ошондон тарта белгилүү болот. Ушул суу жетиштүү болот же импорттук электр энергиясын сатып алыш керектиги айкындалат. Март айы ар кандай болушу мүмкүн. Жаан-чачын коп болсо, Токтогулда суу көбөйөт.

Тариф саясатына токтолгон Кравцов ал бийликтин ыйгарым укугундагы маселе экендигин белгиледи.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG