Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Ооганстан: уурдалган шииттер табыла элек


Шииттердин майрамындагы теракт. Кабул. 2011-жыл.
Шииттердин майрамындагы теракт. Кабул. 2011-жыл.

Ооганстанда отуздан ашык хазара мусулмандын уурдалышы тынчсыздануу жаратты. Аларды “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери туткунга алган болуусу мүмкүн деп боолгонууда.

Хазара улутундагы 30 шиит мусулман 23-февралда Ооганстандын түштүгүндөгү Забул шаарында жоголгон. Коопсуздук күчтөрүнүн маалыматына караганда, хазараларды автобус менен Кандагардан Кабулга бараткан жолдо белгисиз адамдар күч менен алып кеткен.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, шииттерди алып кеткендер аскер формасын кийген, кара чүмбөтчөн адамдар болгон. Алар автобусту жандап келип, мылтык кезеп токтотуп, андан соң жүргүнчүлөрдү күч менен белгисиз тарапка алып кетишкен. Ал эми автобустагы хазара эмес аялдар менен балдарды калтырышкан.

Ошондон бери хазаралардын тагдыры беймаалым бойдон калууда. 25-февралда ооган полициясы армия менен бирге Забул провинциясында операция жүргүзүп жатканын кабарлады.

Окуя боюнча жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Ооганстанда шииттерге кол салуулар, адам уурдап, акча талап кылуу да кеңири жайылган көрүнүш. Мындай ыкманы негизинен өлкөдөгү талиптер көп колдонот. Былтыр жайында эле 14 хазара өлтүрүлгөн эле.

Бирок бул жолу хазараларды уурдоого жалгыз гана талиптер шектелбестен, кылмыштын артында Ирак жана Сириянын бир катар аймактарын басып алган “Ислам мамлекети” террорчул тобу турушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Мындай божомолду аймактагы жетекчилердин бири Абдул Халик Аюби айтып, террорчул топ шииттерге каршы зордукчул иштери менен белгилүү деп негиздеди. Ошондой эле хазараларды туткунга алган адамдар башка тилде сүйлөгөнүн күбөлөр айтышат.

Забул провинциясынын губернаторунун маалымат катчысы Ислам Гүл Саял окуянын мындай түйүнүн четке какты. Ал “Азаттыктын” ооган кызматына адамдарды туткундагандар талиптер эле болушу мүмкүн деп билдирди:

- Бул өкмөткө каршы чыккан согушкерлер. Алар Пакистандагы талиптер болушу толук мүмкүн. Бирок “Ислам мамлекетинин” согушкерлери дегенге кошулбайм. Анткени алар бул жакта жок. Жөн гана талиптер өз желегин өзгөртүп алган, - деди.

Үрөй учурган окуя туруктуулук ансыз дагы олку-солку болгон өлкөдө радикал топ кулачын жайды деген чочулоо жаратты.

Буга чейин “Ислам мамлекетинин” согушкерлери Ооганстанга дагы кирип кетиши мүмкүн деп кабарланган. Айрыкча алар өлкөнүн түштүк жана чыгышында кооптуу кырдаалды жараткан эле. Жыл башында түштүктөгү Гилменд провинциясында согушкерлерге каршы операция жүргүзүлсө, февралдын башында радикал уюмдун өлкөдөгү анабашысы саналган Абдул Рафтун өлтүрүлгөнү кабарланган.

Жакында болсо Логар провинциясында согушкерлер бир нече үйдү өрттөп, аймактагы ыйык жай катары саналган имаратты талкалашкан. “Ислам мамлекетинин” кара түстөгү байрагы өлкө чыгышында да пайда болуп, хазараларга коркутуп-үркүткөн каттар таратылган. Согушкерлер исламдын шиит багытын тутунган хазараларды динсиздер деп кабылдашат.

Ошол эле учурда айрым аналитиктер ооган бийликтери “Ислам мамлекетинин” согушкерлери коркунуч туудуруп жатат деп көбүртүп-жабыртып эл аралык жардамды көбөйтүүнү көздөп жатканын айтышат.

Ооганстандагы НАТО күчтөрүнүн командачысы, америкалык генерал Жон Кэмпбелл ушул аптада “Ислам мамлекетинин” Ооганстанда таасири байкалып жатканын билдирген. Ал эми АКШнын коргоо министри Эштон Картер экстремисттик топтун коркунучунан улам Ак үй Ооганстандан аскерлерди чыгаруу боюнча чечимин кайрадан карап чыгышы керектигин айткан эле.

Ушул жыл жаңыргандан тарта Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоо жергиликтүү аскер күчтөрдүн колуна өткөн. Учурда АКШ аскерлери ооган коопсуздук күчтөрүн окутуп-машыктыруу миссиясын гана аркалоодо.

Хазаралар Ооганстанда калктын сегиз пайызга жакынын түзөт. Алар ошондой эле Пакистанда да жашашат. Пакистанга караганда Ооганстанда хазараларга каршы зордук-зомбулук азыраак катталат. 2011-жылы Кабулдагы терактта ондогон хазаралар ажал тапканда, “Талибан” кыймылы бул кол салууну айыптап чыккан эле. Анда теракт үчүн жоопкерчиликти Пакистандагы “Лашкар-э Жангви” террорчул тобу өзүнө алган эле. Бирок өлкөнү “Талибан” башкарып турган учурда хазаралар көп өлтүрүлгөнү белгилүү.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG