Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:52

Эртең Москвада Немцовду эскерүү митинги өтөт

Борис Немцовду эскерүү
Борис Немцовду эскерүү

Эртең, 1-мартта оппозициянын таламдаштары Борис Немцовду эскерүү үчүн ал өлтүрүлгөн жерге чогулушат. Эскерүү мурда белгиленген “Жаз маршынын” ордуна өтөт.

Москва мэриясы мындан мурдараак митингге уруксат бербей жаткан, бирок уюштуруучулар эскерүү иш-чарасы макулдашылганын билдиришүүдө. Учурда Немцов өлтүрүлгөн жерге анын тарапташтары гүл коюп жатышат.

Оппозициялык саясатчы, мурдагы вице-премьер-министр 55 жаштагы Борис Немцовду ишембиге караган түнү Москванын борборунда атып кетишкен.

XS
SM
MD
LG