Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Аңчынын огу кайберендерди азайтты


Мергенчилик уюмдарынын көбү Нарын менен Ысык-Көл облусунда жайгашкан
Мергенчилик уюмдарынын көбү Нарын менен Ысык-Көл облусунда жайгашкан

Аңчылык департаментинин Нарындагы өкүлчүлүгү жүргүзгөн байкоолорго караганда, облуста 8 миңден ашык кулжа, 12 миңге чукул тоо теке бар. Бирок алардын саны жылдан-жылга азаюуда.

Жергиликтүү эл болсо аңчылыкка уруксат кагазыбыз бар деген чет элдик мергенчилер кайберен тукумун кырып жатышат деп, коңгуроо кагышууда.

Нарын облусунда чет өлкөлүк жарандарга аңчылык уюштурган жыйырмадай уюм бар. Тиешелүү мыйзамга ылайык, бир уюм жылына 40 баштан ашык кийик ата албайт. Кагазда ушундай көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө мергенчилер каалаганын кылып жатат деп арызданышат тоолуктар.

Маселен, Ат-Башыда 10 жылдан бери тоодо мал баккан Жаркынбек Майлыбашов аймакта үч жыл турган чет өлкөлүк мергенчилерге аңчылык уюштурган база бир коктунун кийигин кырып кеткендигин айтты:

- Биз ушул Шырыкты деген жайлоодо турабыз. Мен бала кезде бул жерде кийик деген толтура болчу. Анан чет элдик мергенчилик базасы келип, 3-4 жыл ушул жерде турду. Аларды көзөмөлдөгөн деле киши болгон жок. Азыр кийик көргөнгө зарбыз. Негизи бул кокту тоо-таштуу келгендиктен кийик байырлаганга ылайыктуу. Эми азыр алардын аңчылык базасы Сөөк деген жерге көчүп кетти. Аякты кырып бүткөндөн кийин дагы башка жерге барышат да.

Бирок бул сөздөрдү Нарын облустук аңчылык департаментинин адиси Малик Курманбаев төгүнгө чыгарууда. Анын айтымында, чет өлкөлүк мергенчилердин уюму толугу менен көзөмөлгө алынат жана текшерүүдөн өтөт. Бир дагы чет өлкөлүк мергенчинин буга чейин мыйзамга каршы иш-аракеттери катталган эмес.

- Мунун баары жалган маалымат. Чет элдик аңчылар биринчи бизден каттодон өтүшөт. Алар кайсы жерден кийиктерди атат бүт көзөмөлдөнөт. Аңчылыктан кийин да келип, атайын кагаздарды толтуруп, комиссиядан өтүшөт. Аткан кийиктин мүйүзү менен жашы эсептелгенден кийин гана алып кеткенге уруксат берилет. Мыйзамга ылайык, бир баш кулжага 5000 доллар, текеге 36 миң сом төлөшөт. Ал акчалар мамлекеттик бюджетке түшөт.

Мыйзам чегинде уруксат алуу менен мергенчилик кылуу мүмкүнчүлүгү чет өлкөлүктөрдөй эле Кыргызстандын жарандарына да берилген. Бирок жергиликтүү эл аңчылык үчүн акча төлөп отурбайт. Буга чейин Аңчылык департаментине кийик атат элем деп, уруксат сурап кайрылган жергиликтүү тургундар болгон эмес.

Ошондуктан уруксатсыз мергенчилик же "жапайы аңчылык" жергиликтүүлөр үчүн кадыресе көрүнүш. Жакында эле Ат-Башы районунда алты тоо текени атып келе жаткан мергенчи колго түшүп, анын иши облустук прокуратурага өткөрүлүп берилген. Малик Курманбаев:

- Атайын рейддин негизинде Ат-Башыга барып, Ак-Муз айылынын тургундарын кийик атып келе жаткан жеринен кармадык. Алардын мылтыгынын да уруксат кагазы жок болгондуктан, мылтыктарын да алып, акт түзүп, прокуратурага өткөрүп бердик. Өкмөттүн токтомуна ылайык, мыйзамсыз атылган бир кулжага 400 миң сом, бир текеге 55 миң сомдон айып салынат.

Кийикке мергенчилик кылууга өкмөт тараптан убак-убагы менен мораторий жарыяланып турат. Ал эми жыл сайын кайберендер төлдөгөн жаз айларында аңчылык кылууга такыр тыюу салынат.

XS
SM
MD
LG