Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Татуаж: төрт каштуу болуудан сактаныңыз


Татуаж койдуруу
Татуаж койдуруу

Сулуу болуунун баасы кээде саламаттыкты жоготууга барабар болушу ыктымал экенин дерматолог-дарыгерлер тынбай эскертишүүдө.

Британиянын Манчестер шаарынын 22 жаштагы тургуну Делша Кембелл сулуулук салонуна кашын татуаж кылып чийдиргени барып, эки каштын ордуна төрт каштуу болуп кайткан. Бул окуя дүйнөлүк медиада кызуу талкууланууда.

Арзандатуудан пайдаланууну көздөгөн Делша азыр салонду сотко берүүдө. Эми анын кошумча кашын лазердик операция менен өчүрүүдөн башка аргасы жок.

Кыргызстанда да акыркы мезгилде туруктуу макияж, же каш менен эринге татуаж койдуруу модага айланды. Өспүрүм жана селкилердин көбү кашын терип, күн сайын боёп жүргөнгө караганда ушул жолду тандашууда. Бирок бул жагдайдын ден соолукка зыяны барбы? Бир топ жылдан бери кыздардын кашын боёп, татуаж коюп жүргөн адис Людмила Шмакова мындайча жооп узатты:

- Азыр татуажды жаштардын дээрлик 80 пайызы тандап алууда. Анткени бул аябай ыңгайлуу, престиждүү жана заманбап көрүнөт. Мына ушул үч негизги жүйөдөн улам көпчүлүк кыздар татуаж кылдыргысы келет.

Дарыгерлер акыркы учурда маникюр-педикюр жасатуудан да ар кандай оорулар жугуп жатканын айтышууда.
Дарыгерлер акыркы учурда маникюр-педикюр жасатуудан да ар кандай оорулар жугуп жатканын айтышууда.

Азыр кыздар жеке эле кашын эмес, эринин да бойотуп, бир аз чоңураак көрсөтүү үчүн кымбат процедураларга барышат. Бишкектеги сулуулук салондордо каш менен оозду өчпөй тургандай кылып боёп берүүнүн баасы 1 жарым миң сомдон 6 миң сомго чейин турат. Жакында эле Американын Микропигментация академиясынын окумуштуулары териге чийилген же ийненин учу менен ширетилген татуаж аспаптарынын боёгу аллергиядан тышкары тери рагын да кошо чакырарын эскерткен көлөмдүү макала жарыялашты.

Бишкектеги “КосМед” медициналык борборунун башкы дерматолог-косметологу Нурмери Гаджал жаштардын татуаж жасатканын туура көрбөйт.

- Татуажды жашы өтүп калган аялдар, бойонгусу келбегенде же кашы түшүп калганда гана койдурушчу. Ал туруктуу макияж деп аталып, баасы аябай эле кымбат. Бирок азыр жаш эле кыздар татуажды модага айландырышты. Менин оюмча кашты жакшынакай кылып терип, боёп койгон алда канча жакшы.

2003-жылы Американын Сан-Антонио шаардык прокуратурасы сулуулук салонунда кашына татуаж кылдырган аялга гепатиттин С формасын жуктурду деп салондун ээсин жарым миллион доллар айып пулга жыккан. Канадада да ондон ашык аял кашын бойотуп, сарык жуктуруп алгандан кийин сотко кайрылган. Көп учурда татуаж кылгандардын аспаптары таза болбогондуктан кан аркылуу ар кандай оору жугарын адистер айтып келет.

Кашты туруктуу чийдиргенден кийин ал өзүнө жакпай калса кайра тазалатып, ордуна жаңысын чийдирүү да өтө кымбатка турат. Атайын адистешкен хирург-дерматологдун гана көзөмөлү менен татуажды лазер менен өчүрсө болот. Өчкөн күндө да ордунда кызыл же ак так калышы ыктымал. Кийинки өсө турган каш да жабыркайт дейт адистер. Нурмери Гаджалдын айтымында, ушундай жол менен чийдирген кашы жакпай калып, татуажын өчүрткөн кыздар көбөйүүдө:

- Кашына татуаж койдуруп, жакпай калса кайра аны өчүрткөнү келгендер көбөйдү. Бул хирургиялык жол менен ишке аша турган нерсе. Албетте кишинин денесин оорутуп, кан чыгарып, анан ордуна так калтыруу жагымсыз. Андыктан татуаж кылдырардан мурда айымдар жакшылап ойлонушса.

Боёктун сапатын эч ким текшербейт

Кыргызстанда татуаж үчүн колдонулган боёктордун сапатын азыр текшерип, анын саламаттыкка коопсуз экенин аныктай турган лабораториялар же атайын эрежелер жок. Ушундан улам ар бир сулуулук салону татуаж боёгун кайдан алары белгисиз.

Айымдар сулуулук үчүн баарына кайыл.
Айымдар сулуулук үчүн баарына кайыл.

- Боёктун сапаты тастыкталып, ишенимдүү колдон алынган болушу керек. Эми бул маселе ар бир сулуулук салондун ээсинин жеке адамкерчилигине байланыштуу. Бирок кардарлар арзан татуажда колдонулган боёктун да сапаты ошого жараша начар болорун унутпаса. Татуаж кылуунун наркы ошол боёк баасына байланыштуу болот, - дейт Людмила Шмакова:​

Догдурлар да татуаж менен маникюр, педикюрдан сарык жуктурган кыз-келиндер барган сайын арбып баратканын айтышат. Канчалык коопсуз болгон күндө да каштын ордун ээлеген татуаж көп мезгилде аялдардын купулуна толо бербейт. Ал эми эриндерине татуаж койдургандар учуктан тарта СПИД сыяктуу коркунучтуу илдетти да жуктуруп алышы ыктымал. Ошондуктан адистер кыз-келиндерди татуаж кылдыруудан мурда жакшылап ойлонууга чакырышат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG