Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Орусиянын ракета учурууларына каршы чыккан казак активистине айып тагылды


"Антигептил" кыймылынын активисттеринин нааразылык акциясы. Астана, 15-декабрь, 2015-жыл.
"Антигептил" кыймылынын активисттеринин нааразылык акциясы. Астана, 15-декабрь, 2015-жыл.

Байконур космодромунда орусиялык Протон ракеталарынын учурулушуна каршы чыккан Сакен Байкенов эки айга камалды.

Алматы шаардык сотунан “Азаттыктын” казак кызматына билдиришкендей, ага социалдык кастыкты козуткан деген айып тагылды.

Протон ракеталары акыркы жылдары Байконурдан учурулган кезде бир нече ирет жарылып кетип, аймакты уулуу гептил отуну менен булгаган эле.

Активист Сакен Байкенов буга каршы Астана менен Алматыда бир нече ирет нааразылык акцияларын өткөргөн.

Байкеновду полиция 7-март күнү Алматыдагы батиринен алып кеткенин жубайы Карлыгач Мурзадилова кабарлады.

Байкеновдун адвокаты Төлөгөн Шайковдун айтымында, ал кечээ күнкү сотко катышкан жок жана кылмыш иштин материалдары менен тааныша алган эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG