Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев 18 жаштагы уулу менен келип кызылчага каршы эмделип кеткенин “Азаттыкка” Республикалык эмдөө борборунун жетекчиси Жолдош Калилов билдирди. Анын айтымында, жаш үй-бүлөлөр арасында, диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткандар болууда. Ушул тапта алардын арасында да түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бүгүндөн тарта 1 жаштан 20 жашка чейинкилер үчүн кызылча жана кызамык ооруларына каршы жапырт эмдөө башталды. Эмдөө кийинки айда башка аймактарда улантылат. Бул үчүн Индиядан 34,4 млн. сомдук вакцина алынган. (КЕ)