Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Йемендеги кыргызстандыктар үчүн ыкчам байланыш түзүлдү


Йемен борбору Сана шаарында козголоңчуларга каршы абадан сокку урулуп жатат
Йемен борбору Сана шаарында козголоңчуларга каршы абадан сокку урулуп жатат

Йемендеги соңку окуяларга байланыштуу Тышкы иштер министрлигинде ишеним телефону ачылды. Cогуштук аракеттерден улам ал жактагы кыргызстандыктарды чыгарып кетүү чаралары көрүлүп жатканын “Азаттыкка” мекеменин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков билдирди. Йеменде кыргыз элчилиги жок болгондуктан, бул жаатта Сауд Арабиядагы элчилик иш жүргүзүүдө.

- Такталган маалыматтар боюнча учурда Йеменде 16 кыргыз жараны бар. Алардын бирөө кооптуу деп эсептелген Сана шаарында. Ал калаадан алып чыгып кетүүнү суранган. Аял киши экен. Иштөө максатында барганын айтты. Калгандары борбор Санадан 500-600 км алыстагы провинцияларда турушат. Азырынча алар жардамга муктаж эместиктерин билдиришти,- дейт Сыдыков.

Анын айтымында, элчилик бардык кыргыз жарандары менен байланышты үзбөгөнгө аракет кылууда. Ишеним телефондорунун номерлери: Бишкекте +996 312 66 08 11, Сауд Арабияда +966 547 491 812

Йеменде шийилердин хуси козголоңчулары менен өкмөт ортосунда жаңжал тутанган. 26-марттан бери Сауд Арабия баштаган коалиция хусилерге каршы абадан сокку ура баштады.(SE)

XS
SM
MD
LG