Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Апрель соту 13-апрелде уланат


Бул туурасында “Азаттыкка” жабырлануучулардын расмий өкүлү Расул Умбеталиев билдирди.

1-апрелге белгиленген сот отуруму айыпталуучулардын биринин келбей калгандыгына байланыштуу болбой калган.

Аскер гарнизондук соту апрель окуясынан жабыркагандардын апелляциялык арызын карамак. Буга чейин жабырлануучулар “Альфа” атайын бөлүгүнүн кызматкерлеринин акталышына нааразылык билдирип, сотко доо арыз жолдошкон.

2014-жылдын 25-июлунда Бишкек гарнизонунун аскердик соту “Альфа” атайын бөлүгүнүн бардык кызматкерлерин актаган чечим чыгарган. Ал эми мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою сыртынан эркинен ажыратылса, мурда жогорку кызматта жүргөн бир катар кызматкерлер 10 жылдан 25 жылга чейин кесилген. (AzK\UEz)

XS
SM
MD
LG