Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:52

Сенаторлор футбол мелдешин Орусияда өткөрбөөгө чакырышты


Сенаторлор ФИФАны футбол чемпионатын Орусияда өткөрбөөгө чакырышты.

АКШнын 13 сенатору футбол боюнча дүйнөлүк уюмга кат жазып, 2018-жылга белгиленген футбол таймашын Орусиядан башка өлкөгө которууга үндөштү. Катта Орусия Украинанын аймактык биримдигин бузууну улантып жаткандыгы айтылат. «Эгер дүйнөлүк чемпионат Орусияда өткөрүлсө бул Путиндин режимин айыптагандын ордуна, аны даңазалаганга тете болот» деп айтылды документте. ФИФА буга чейин мындай чакырыктарды четке каккан эле.

XS
SM
MD
LG