Кумтөр маселеси менен кошо азыркы өкмөттөн отчет талап кылыш керек. Мындай сунушун бүгүн парламент жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошева айтты:
- Азыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш иштеп жаткан беш жылдан бери бир дагы премьер-министрдин отчетун уга элек.
Жолдошеванын бул сунушун башка депутаттар да колдоду.
Бүгүн түштөн кийин парламент өкмөттүн "Кумтөр" ишканасы боюнча маалыматын угат.
7-апрель күнү премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кумтөрдө үлүшү теңме-тең биргелешкен ишкана түзүү пайдасыз экенин айтып, кенди улутташтыруу демилгеси да начар сунуш экенин белгилеген. Компания мурунку бойдон иштей бериши керектигин кошумчалап, "эгер кимдир бирөө башка оптималдуу вариант сунуштаса, ошол адам премьер болсун" деген.
Жогорку Кеңеш 26-февралдагы жыйынында өкмөткө бир ай ичинде Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди, ал болбосо улутташтыруу боюнча мыйзамды алып келүү тапшырмасын берген. (RK)