Жаңы премьер-министрге талапкерди тандоо боюнча Социал-демократтар фракциясында кеңешүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган фракциянын мүчөсү Бахтияр Кадыров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бир нече адамдын талапкерлиги каралууда. Негизги талапкер катары Темир Сариевдин аты аталууда.
Буга чейин Социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков жаңы премьер-министрдин талапкерлиги боюнча көпчүлүк коалициядагы башка фракциялар менен кеңешүүлөр өтөрүн билдирген.
Ал эми “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Азамат Арапбаев “Азаттыкка” сүйлөп жатып, премьерликке талапкер катары вице-премьерлер Тайырбек Сарпашев, Валерий Диль жана Абдырахман Маматалиевдин аты аталып жатканын маалымдады.
23-апрелде Жоомарт Оторбаев Жогорку Кеңеште премьер-министрликтен кетерин парламентте жарыялап, эртеси күнү президент анын отставкасын кабыл алган. Мындан соң өкмөт толук курамы менен отставкага кеткен. (BkA)