Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:07

Москва арбитражы Куттуу-Сай боюнча кыргыз өкмөтүнүн арызын канааттандырды


Москванын шаардык арбитражы Куттуу-Сай кени боюнча кыргыз өкмөтүнүн доо арызын канааттандырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт алдындагы Соттук өкүлчүлүк борборунан кабарлашты. Анда өкмөт Stans Energy компаниясынын арызы боюнча Москвадагы Соода-экономикалык палатанын алдындагы арбитраждын чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн. Буга чейин аталган арбитраж кыргыз өкмөтүн 118 млн. долларга доого жыгуу боюнча чечим чыгарган. Ал чечимдин негизинде Канаданын Онтарио соту Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алган.

Эми Москва шаардык арбитражынын чечими соттошкон тараптар доо арыз менен кайрылбаса, 30 күндүн ичинде күчүнө кирет. Бирок Stans Energy компаниясы расмий сайтында бул чечим боюнча доо арыз берерин жарыялады.

Канадалык Stans Energ компаниясы Куттуу-Сай, Кале-Сай кендеринде сейрек кездешүүчү металл казууга, геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө уруксат алганын, бирок кыргыз бийлиги активдеринен мыйзамсыз ажыратканын билдирип келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG