Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:32

Жалал-Абад: сауналар мугалимдерди тажатты


Жалал-Абад шаары
Жалал-Абад шаары

Жалал-Абадда мектеп короосуна жанаша жайгашкан сауналарды токтотуу боюнча мугалимдердин кайрылуулары орундалбай келүүдө.

Тийиштүү кызматтар муну мыйзам чегинде жабуу мүмкүн эместигин билдиришет. Шаар бийлиги болсо ишкердүүлүккө тоскоолдук кыла албастыгын айтууда.

Жалал-Абад шаарындагы №14 Сатыбалды Давлетов атындагы мектеп - гимназиясынын тарбиялык иштер боюнча директорунун орун басары Нуржан Аманова мугалимдер коңшу турган саунанын кызматкерлери менен бир нече ирет урушканын айтты:

- Мурдагы "Асман", азыркы "Корона" саунасы мектептин спорт аянтчасы менен жанаша жайгашкан. Ортосун бир гана дубал бөлүп турат. Кээде окуучулардын ойногон топтору ошол жакка ашып өтүп, алар менен араздашканга чейин барабыз. Бир күнү ал жактагы сойкуканада иштеген кыз мектеп короосуна өтүп, тамеки тартып отурган экен. Көрүп калып кууп чыктык.

Мугалимдер өткөн жылдын күз айларында тийиштүү тараптарга кайрылганы менен, канааттандырарлык жооп болгон эмес.

- Буга чейин тийиштүү тараптарга кайрылуу жолдогонбуз, тилекке каршы, алар жеке ишкерлерге чара көрө албайбыз деп жооп беришкен. Бул сауналар чондордуку болсо керек, ошол себептүү, эч ким чара көрө албай жатат. Билбейм дагы эмне болуп кетет, - деди Аманова.

1700гө чукул бала билим алган бул мектептин жанында эки сауна иштейт. Бири мектеп имаратынын артында болсо, экинчиси окуучулар каттаган аялдаманын жанында жайгашкан. Сыртында сауна деп жазылганы менен анын ичинде сойкукана барын шаар тургуну Зарылбек Маматов айтууда. Ал окуучулардын тарбиясы үчүн бул жайларды жабуу керек деген пикирде:

- Эми жетилип келаткан 9-11-класстын окуучуларына таасир этет да. Ошол жерге чоң кишилер, аялдар кирип жатса, аны көргөн окуучулар биз да кийин ушул жерге киребиз деп ойлошу мүмкүн. Азыр сауна дегени менен ичинде сойкукана иштейт. Ошол жагын карашыбыз керек. Бул маселе эки жылдан бери көтөрүлүп, эч жыйынтык чыкпай келет.

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөн жылдын соңунда мектеп мугалимдеринин атынан кат келип түшкөн. Анын негизинде милиция иликтөө иштерин жүргүзүп, алдыдагы күндөрү соңку чечимин чыгарат. Облустук ички иштер башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иштөө инспектору Эрлан Бакиев мектеп жанындагы сауналар жабылышы мүмкүндүгүн билдирди:

- Мектеп мугалимдеринин арызы шаардык жана Облустук ички иштер башкармалыгында каралды. Чындыгында мектептин жанындагы сауналар окуучуларга канчалык деңгээлде терс таасирин тийгизип жаткандыгы каралып чыкты. Бул өтө оор маселе экен. Милиция дыкат аныктоо иштерин жүргүзүп, алдыдагы күндөрү чечим кабыл алат. Бирок соңку жыйынтык боюнча сауналар жабылат деген маалымат бар.

Шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, өкмөттүн токтомуна ылайык, спирт ичимдиктерин саткан дүкөндөр жана көңүл ачуучу жайлар мектеп имаратынан алыс жайгашуусу белгиленген. Бирок мыйзамда сауна көңүл ачуучу жай катары көрсөтүлбөгөндүктөн аларды жабуу мүмкүн эмес дейт укук коргоочу Абдуназар Маматисламов.

- Сауна - бул дарылоочу жай катары каттоодо турат. Ал мектеп жанында жайгашабы же жокбу мыйзамдуу эле көрүнүш. Аны жабууга мүмкүн эмес. Ал жерге канча адамдар келип эс алып кетишет. Бирок ызы-чуу салып, терс иштер болуп атса, анда сөзсүз карап чыгуу керек. Окуучуларга кандай таасир тийгизгени башка маселе. Мындай караганда аларды эч ким жаба албайт.

Шаардын вице-мэри Турдалы Темирбаев да жеке ишкерлерди колдоо мыйзамына ылайык, аларды жабууга болбой турганын билдирет. "Корона" аталышындагы сауна бир жума мурда ишин токтотуп, сыртына сатылат деген жарнама илген. Ал эми экинчи саунанын ээси менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG