Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Орусия экстремизмге үндөгөндөргө карата жазаны күчөттү


Орусиянын президенти Владимир Путин терроризм жана экстремизмге үндөгөндөргө карата жазаны күчөтүү мыйзамына кол койду. Буга чейин экстремизмге үндөгөн маалымат каражаттары 100 миң рубль айып пул төлөп келсе, азыр анын суммасы миллион рублга чейин көтөрүлдү. Айып пулдун эң аз деген суммасы дагы 50 миңден 100 миңге көбөйтүлдү. Жаза экстремизмге, терроризмге үндөгөн материалдарды таркатуу же ушундай максатта маалыматтарды басып чыгарганы үчүн каралган.

Аталган мыйзамды апрель айында Мамлекеттик Дума жана Федерация Кеңеши кабыл алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG