Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Ошто бир көчөдөгү унаа оңдоочу жайлар жабылганы жатат


Ош шаардык бийлиги Сулайман тоонун түштүк тарабындагы көчөдө жайгашкан унаа оңдоочу устаканаларды зордоп жаап жатышканын «Азаттыкка» аталган көчөнүн жашоочулары билдиришүүдө. Алардын айтымында, Калинин көчөсүндөгү устаканаларды шаар бийлиги эч себепсиз жаптырып жатат. Устакана ээлери баары тең тиешелүү мекемелерден уруксат алганын, салыктарды өз убагында төлөп жатканын айтышууда.

Бирок шаардык мэриядан бул көчөдөгү үйлөр турак-жай катары гана пайдаланылышы керектигин, үйдүн короолорун устаканага айландыруу мыйзамсыз экенин билдиришти.

Сулайман тоонун түштүк тарабында жайгашкан Калинин көчөсүндө 200гө жакын устакана бар. Көчөнүн жарымы Кара-Суу районуна, жарымы Ош шаарына карайт. (YI)

XS
SM
MD
LG