Жаңы Делиде ысык асфальт жолдорду ээритип жиберди. Түштүктөгү Андхра Прадеш штатында өткөн жумада ысыктан 551 адам өлгөнү, 25-майда күн 47 градуска жеткени маалымдалды.
Hindustan Times гезитинин жазышынча, 25-майда Жаңы Делиде 45,5 градус ысык болду. Бул жайкы орточо температурадан 5 градуска жогору.
Андан улам жарандарга көчөгө чыкпагыла деген кеңеш берилүүдө.
Индияда жыл сайын ысыктан жүздөгөн адамдар, көбүнесе кедей-кембагалдар өлөт.