Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Дүйнөдө качкындар саны 60 миллионго жетти


Сириялык качкын бала
Сириялык качкын бала

20-июнда качкындардын эл аралык күнү белгиленүүдө. Аны утурлай БУУ жарыялаган маалыматка ылайык, дүйнөдө качкындардын саны 59 жарым миллион кишиге жетти.

2014-жылкы көрсөткүчтөр боюнча Сирия Ооганстандан ашып өтүп, качкындардын эң ири очогуна айланды. Ал эми Түркия качкындарды эң көп кабыл алган өлкө болуп калды.

Качкындардын катарын адатта куугунтуктар, куралдуу жаңжалдар, адам укуктарынын бузулушунан улам жер которууга мажбур болгон кишилер толуктап турушат.

Улуттар уюмунун 2014-жылдагы көрсөткүчтөргө таянып чыгарган жаңы баяндамасына ылайык, качкындардын саны бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 8,3 миллионго көбөйдү. Качкындар боюнча жогорку комиссар Антонио Гутьерес:

- 2014-жылы жаңжалдардан улам башка жерлерге көчүүгө аргасыз болгон адамдардын саны 59,5 миллион кишини түздү. Бул – 2013-жылга караганда 16 процентке көп, ал эми 10 жыл мурунку көрсөткүч менен салыштырсак 60 процентке өстү.

Сириядан Италияга агылган качкындар
Сириядан Италияга агылган качкындар

Жалпысынан үй-жайын таштап качууга аргасыз болгондордун 38,2 миллиону өз өлкөсү ичинде жер которгондор, 19,5 миллиону качкын катары чет өлкөгө убактылуу кеткендер, 1,8 миллиону башпаанек сурап жаткандар. Дүйнө качкындарынын жарымынан көбү балдар.

Өткөн жылы Сирия Ооганстандан ашып өтүп, качкындардын эң ири очогуна айланды. 2011-жылы тутанган жарандык согуштун айынан 7,6 миллион киши өлкө ичинде жер которууга мажбур болгон. Дээрлик 4 миллион киши Ливан, Иордания жана Түркияда качкын болуп жүрүшөт.

Дээрлик 1,6 миллион адамга башпаанек берүү менен Түркия азыр качкындарды кабыл алуу жагынан биринчи орунда турат.

Түркияга агылган качкындар
Түркияга агылган качкындар

Бир нече күн мурун Сириядагы күрттөрдүн кошуундары “Ислам мамлекети” радикал тобунун колундагы Тел-Абьяд шаарын өз көзөмөлүнө алгандан кийин жүздөгөн сириялыктар Түркиядан кайта баштады.

Бул күндөрү Акчакале чек ара өткөөлүндө колдоруна оокаттарын көтөрүп алган көптөгөн аялдар менен балдарды, улгайган адамдарды көрсө болот. Калаа үчүн салгылашуулар күчөгөндө 18 миңден көп киши Түркияга агылган, 3 миңдей Иракка көздөй качкан.

Андан кийинки орунду 1,5 миллиондон бир аз ашуун качкынды батырган Пакистан ээледи. Ал өлкөдө негизинен кошуна Ооганстандан ооп келгендер үстөмдүк кылат. Бирок расмий маалыматтарга караганда, соңку айларда мекенине кайтууну каалаган оогандардын саны көбөйдү. Жарым жыл ичинде 18 миңдей киши Ооганстанга кайра көчүп келген.

Украиналык качкын аял баласы менен
Украиналык качкын аял баласы менен

Украинадагы жаңжал Орусияга келген качкындардын санын 232 миң адамга жеткирди. Улуттар уюмунун баяндамасында ал өлкөдөн туруктуу же убактылуу баш паанек сураган украин жарандарынын саны 271 миң кишини түзгөнү белгиленет.

Украинанын өзүндө болсо 823 миң киши ички качкынга айланган. Дагы 19 миң украиналык дүйнөнүн 67 өлкөсүндө баш калка сураган.

БУУнун маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө 2014-жылы 126 миң 800 качкын гана үйлөрүнө кайта алган. Бул 31 жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG