19-июндан бери Армениянын баш калаасында электр энергиясынын кымбатташына нааразы болгондор көчөгө чыгып, жүрүш жасашууда. Ал эми “Тонотпойбуз” деп аталган топ уюштурган нааразылык акциясына үч-төрт миңдей киши катышып жатканы айтылат. Нааразылыкка чыккандар менен полиция кызматкерлери сүйлөшүү жүргүзүүдө. Уюштуруучулар демонстранттарга борбордук Баграмян кең көчөсү менен эркин жүрүш жасоого уруксат берүүнү талап кылышууда, полиция бул мыйзамсыз болорун эскертти.
Мурдараак президент Серж Саргсян акциянын катышуучуларынын бир тобу менен жолугушууга макулдугун берип, бирок бул үчүн марш жасоодон баш тартууну талап кылган. Бирок уюштуруучулар буга макул болушкан эмес.
Өткөн аптада Армениянын коомдук тейлөөнү тескөөчү комиссиясы 1 августтан тартып, электр энергиясынын баасын 16% көтөрүү чечимин кабыл алган болчу.
Армения Кыргызстан мүчө болгон ЕАЭБге мүчө өлкө.