Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Өкмөт башчы Баткенде селден жабыркагандар менен жолукту


Премьер-министр Темир Сариев бүгүн Баткенде иш сапарда жүрөт. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, түшкө чейин ал Лейлек районунун Кулунду айылын кыдырып, 8-июнда селден жабыркагандар менен жолукту.

8-июнда ал жерде нөшөр жаандын айынан сел жүрүп, 400дөй кой-эчкини агызып кеткен, 20 үй жараксыз абалга келген. Чыгымдын жалпы суммасы 96 миллион сом деп эсептелген.

Эки күндүк сапар учурунда Темир Сариев Максат-Кулунду көпүрөсүнүн курулушу менен таанышып, Баткен районундагы чек ара аймагын жана Кадамжай районун кыдырат. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG