Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Элдик лотереянын иши токтотулуп, жетекчилиги камалды


Бул туурасында Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгынын жетекчи орун басары Нурлан Утемисов билдирди.

Анын айтымында, Элдик лотереянын ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, анын жетекчиси Танжу Кылыч жана башкы бухгалтер камалды. “Элдик лотерея” соода маркасы астында иштеп жаткан «Райдер Ассошиэйтс Лимитед» компаниясына лицензияны мыйзамсыз берген деген кине менен Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматынын мурдагы башчысы Юруслан Тойчубековго издөө жарыяланды.

Аталган компаниянын лотереядан түшкөн кирешесинин 10 пайызы мамлекеттик казынага түшүүсү керек болчу. Бирок Юруслан Тойчубеков компанияны бул төлөмдөн бошотуп, жыйынтыгында мамлекетке 31 миллион сом чыгым келтирилгени айтылууда. (AzK\EBM)

XS
SM
MD
LG