Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

Ооган өкмөтү жана талиптер элдешүүнү сүйлөштү


Ооганстандын коопсуздук кызматтары Улуттук чалгындоо агенттигинин имаратынын төбөсүндө кырдаалга көз салышууда. Кабул, 7-июль 2015
Ооганстандын коопсуздук кызматтары Улуттук чалгындоо агенттигинин имаратынын төбөсүндө кырдаалга көз салышууда. Кабул, 7-июль 2015

Ооганстандын жоолошкон тараптары 13 жылдан бери өлкөгө бүлүк салган ич ара согушту басуунун аракетин улантышууда.

Ооган өкмөтү жана ооган талиптеринин өкүлдөрү 7-июлда болгон кездешүүдө элдешүү жана тынчтык орнотуу үчүн сүйлөшүүнү “чын дилден жана бар күчтү үрөп” жүргүзөлү деп макулдашты. Бул эки жак тең тааныган биринчи расмий сүйлөшүү болду.

"Исламабаддын четинде өткөн сүйлөшүүгө Ооганстандын тышкы иштер министринин орун басары Хекмат Халил Карзай жана талиптердин өкүлү Молдо Жалил катышты" деп билдирди Ооган тарап “Азаттык” радиосуна. Кездешүүгө Кытай менен АКШнын өкүлдөрдү байкоочу иретинде катышты.

8-июлда Пакистандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, эки жак “региондогу тынчтыкты бекемдөө максатында сүйлөшүүдө чын дилден жана бар күчтү жумшап” аракеттенели деп макулдашкан. Ал үчүн тараптар эң алды жараяндын бардык катышуучулары арасында өз ара ишенүүчүлүккө жетишүүгө жана элдешүүгө ылайыктуу чөйрө түзүү зарыл деп табышкан.

Эмки сүйлөшүү, өз ара макулдашууга ылайык, 17-июлда же орозо бүткөндөн кийин болот.

Ооган өкмөтү менен талиптердин сүйлөшүүсү Ооган жеринде 13 жылдан ашык убактан бери уланып келаткан ич ара согушту токтотуудагы маанилүү кадам. Талиптер эл аралык коомчулук тааныган бийликти оодарып, өлкөдө 2001-жылдын этегинде АКШ башындагы күчтөр кулаткан орто кылымдык ислам режимин кайра орнотууну каалайт.

Маанилүү саясий жараян тууралуу оболу 7-июлда ооган президенти Ашраф Гани жарыя кылды. Ал талиптер менен элдешүүдө Исламабаддын жардамын пайдаланууну көздөйт жана былтыр сентябрда бийликке келгенден тарта Пакистан менен алаканы жакшыртууга астейдил көңүл бурууда. Себеби маалыматтарга караганда, көпчүлүк талип жетекчилиги Пакистандын аймагын пааналап жүрүшөт.

Ооган өкмөтү жана талиптер арасындагы сүйлөшүүнү АКШ колдоду. Бул жөнүндө билдирген Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест сүйлөшүүнү өткөрүүгө Пакистандын кошкон салымын баса белгиледи:

- Бул бекем тынчтыкка жетишүүдөгү маанилүү кадам. Ооганстандын тынчтыкка чоң маани берип, талиптер менен элдешүү аракетин Кошмо Штаттар колдойт. Биз Пакистандын бул сүйлөшүүнү өткөрүүдөгү өзгөчө аракетин колдойбуз жана баалабыз.

Пакистан премьер-министри Наваз Шариф Ооган өкмөтү жана талиптердин ырасмий сүйлөшүүнү “чоң жылыш” деп сыпаттап, анын ийгилигине ишенгенин айтты. Ал бирок жараянды кимдир бирөөлөрдүн бузуусуна коңшу өлкөлөр жана эл аралык коомчулук жол бербеши керек деп, анын жеңил жүрбөсүн эскертти.

Расмий Бээжин да сүйлөшүүнү колдоду. Кытай өкмөтү Ооганстанда тынчтык орносо, ислам согушчандары маал-маал азуусун көрсөткөн Шинжаңда стабилдүүлүктү сактоого көмөктөшөт деген үмүттө.

Акыркы бир нече айда ооган өкмөтү менен талиптер бейрасмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн эле. Талиптердин өкүлү тыш өлкөлөрдө өткөн бул сүйлөшүүлөргө ооган жетекчилиги уруксат берген эмес деп, жараяндын баасын жокко чыгарган учур болгон.

Батыш серепчилери сүйлөшүүнүн ийгилиги талип жетекчилиги арасындагы ынтымакка багыңкы болот дешет. "Рейтерстин" маалымдашынча, талиптердин башкы саясый лидери Актар Мухаммед Мансур сүйлөшүүнү колдойт. Бирок мурда Американын Гуантанамо Бей түрмөсүндө отуруп чыккан талип командири Абдул Хаким Закир жараянга каршы. Ал бир нече миң жоокери менен Ооганстандын чыгышында жойлоп жүрөт.

7-июлда тынчтык сүйлөшүүсү жүрүп жатканда эки талип жанкечти Кабулда бомба жардырып, андан бир адам мүрт кетип, үч адам жарадар болду.

XS
SM
MD
LG