Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

British Airways Алматыга каттамдарын токтотот


British Airways ири британиялык авиакомпаниясы үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан тарта Лондон-Алматы каттамын токтото тургандыгын жарыялады. Хитроу аэропортунан Алматыга акыркы учуулар 11-12-октябрда болот. Учурда бул маршрут боюнча жумасына 3 рейс каттап жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда мындай чечимге учуулардын рентабелдүү эместиги себеп болууда.

Компания октябрь айы үчүн билет салып алган жүргүнчүлөргө билеттердин акчасын кайтарып бере турганын же дагы башка варианттарды сунуштай тургандыгын билдирүүдө.

Бул рейс токтотулган соң Лондон-Алматы маршруту боюнча түз учууларды улуттук Air Astana компаниясы гана ишке ашырып калат. Алматы British Airways компаниясы тейлеген Казакстандын жалгыз шаары болуп саналат. (AzK)

XS
SM
MD
LG