Шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялар 20-августка чейин курултайларын өткөрүп, талапкерлер тизмесин тапшырышы керек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Баатырова билдирди.
Анын айтуусунда, БШК 25-августтан 4-сентябрга чейин тизмедегилерди каттайт.
“Кечээтен баштап партиялардын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттадык. Эми беш күндүн ичинде шайлоо фонддорун түзүп, банк эсептерин ачышы керек. Учурда “Замандаш”, “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек”, “Жашылдар”, КСДП жана “Бир бол” партиялары эсептерин ачышты”, - деп маалымдады Г. Баатырова.
4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого 34 партия катышуу ниетин билдиришкен. (МТо)