26-августта Баткен шаарында “Маданиятта чек ара жок” деген аталыштагы иш-чара Эл аралык уюмдардын колдоосу менен уюштурулган. Мында Баткен, Ош облусунан маданият кызматкерлери жана Тажикстандан Согди облусунун аймагынан маданият кызматкерлери катышты.
Иш-чара эки өлкөнүн чек аралаш аймагында достукту, ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулуп, эки өлкө жарандарын ынтымак-ырашкерликке үндөгөн спектакль көрсөтүлүп, эки элдин ыр-бийлери аткарылды. Уюштуруучулары ушундай эле иш-чара октябрь айында Тажикстан аймагында да өткөрүлөрүн, чек аралаш айыл тургундары да тартыларын билдиришти.
Акыркы жылдары кыргыз-тажик чек арасында чектеш жашаган айыл тургундарынын ортосунда пикир келишпестиктен улам, бир нече жолу чыр-чатак чыккан.(JsA)