Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Жалал-Абаддагы аскер бөлүктө жоокер каза болду


Сузак районунун Благовещенка айылынын тургуну, 19 жаштагы Бегалы Шамшидинов 3-сентябрда Кара-Көл шаарында жайгашкан №718-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жатып каза болду. Бул тууралуу “Каниет” кризистик борборунун директору Мимоза Нуракова “Азаттыкка” билдирди.

Аскердин сөөгү кечээ соттук-медициналык кароодон өткөрүлүп жерге берилди. Анын жакындары баланы ур-токмоктун айынан каза болгондугун айтып, табышмактуу өлүмдүн жагдайын иликтөөнү талап кылып жатышканын Нуракова кошумчалады.

Аскер бөлүктүн командирлери жоокер ээси ооп жыгылып, оорунун айынан каза болгондугун айтышууда. Учурда аскер прокуратурасы жагдайды иликтөөгө киришти. (RsK)

XS
SM
MD
LG