Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

БШК "Өзүңдү тизмеден текшер" өнөктүгүн улантууда


Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды шайлоочулар тизмесинен тактоого үндөгөн "Өзүңдү тизмеден текшер" өнөктүгүн улантууда. Бул үчүн шаарларда атайын баннерлер орнотулуп, Коомдук биринчи канал жана ЭлТР телекомпаниялары аркылуу роликтер жүгүртүлүп жатканын "Азаттыкка" БШК мүчөсү Жаркын Бапанова билдирди.

Бишкек территориалдык шайлоо комиссиясынын катчысы Ольга Щербининанын билдиришинче, шаар тургундары арасында учурда баракчалар таратылып жатат. Анда шайлоо участокторунун даректери карта түрүндө көрсөтүлгөн. Мындай баракчалардан 40 миң нуска басылып чыгарылды.

Мыйзам боюнча жарандардын биометрикалык каттоого туруп, шайлоочулар тизмесине кирүүсүнө 19-сентябрга чейин убакыт берилген. Андан кийинкиге калгандар добуш берүү укугунан ажырайт.

4-октябрда Кыргызстанда парламеттик шайлоо өтөт. Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орунга 14 саясий партиядан 2 миңден ашуун талапкер ат салышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG